Сырдык сөз

Википедия дан

Сырдык сөздөр - морфологиялык жактан өзүнүн өзгөрбөстүк, бөлүнбөстүк абалын толук сактап, синтаксистик жагынан башка сөздөр менен байланышпай обочолонуп туруу аркылуу, сүйлөмдүн жалпы мазмуну менен маани жана интонациялык жактан ажырагыс байланышта туруп, адамдын окуя, затка, нерсеге карата болгон ички ой-сезимин, туюмун, эрктик жана турмуш-салттык мамилесин билдирет.

Сырдык сөздөр айтылып жатканга байланыштуу кептин бүткүл тулкусуна экспрессивдик, эмоционалдык түс берүү менен, анын көркөмдүүлүгүн күчөтөт да, ага кандайдыр бир ачыктыкты, тактыкты жана жандуулукту киргизип, адамдын чындыкка карата болгон эмоционалдык ички сезимин, эрктик мамилесин билдирип турат. Сырдык сөздөр фонетикалык жактан музыкалуу, ыргактуу, ритмикалуу келет да, адам баласынын ички дүйнөсү аркылуу берилүүчү ой-сезимдин, эрктик жана турмуштук мамиленин мүмкүн болгон мамилелеринин бардыгын билдирүүгө жөндөмдүү.

Сырдык сөздөр негизги сөз түркүмдөрүнөн төмөнкүдөй белгилери боюнча айырмаланып турат:

  • 1) Сырдык сөздөр үчүн атоо (номинация) кызматы мүнөздүү эмес, аларга билдирүү функциясы мүнөздүү;
  • 2) Сырдык сөздөр негизги сөз түркүмдөрүнө мүнөздүү болгон морфологиялык категориялар менен дээрлик өзгөрбөйт;
  • 3) Сырдык сөздөр сүйлөм тутумунда синтаксистик жактан сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткарбайт жана башка сөздөр менен грамматикалык жактан байланышпайт;
  • 4) Сырдык сөздөрдүн мааниси интонация жана тынымга көзкаранды болот.

Сырдык сөздөр маанисине карай сезимдик, эрктик, турмуштук болуп үчкө бөлүнөт.

Сырдык сөздөр түзүлүшүнө карай тубаса жана туунду болуп бөлүнөт.

интонациялык жактан Сырдык сөздөр сөздөр башка сөз түркүмдөрүнүн бирөө да ээ болбогон зор бөтөнчөлүккө ээ. Себеби сүйлөм тизмегинде турган Сырдык сөздөр интонациялык жактан негизги орунду ээлейт, анткени сүйлөмдөгү басым ага түшөт да, тон (үн) башка сөздөргө караганда анда күчтүү сезим менен айтылып, көтөрүңкү чыгат. Интонациянын ар түрдүүчө болушунун натыйжасында, Сырдык сөздөр адамдардын бирөөгө, же бир нерсеге, окуяга же кубулушка карата болгон ички сезимдерин ар кандай мааниде билдирет.

Маматраимова Раяна Мураталиева

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4