Сюнь-цзы

Википедия дан
Сюнь-Цзы‎»‎ барагынан багытталды)

Сюнь-Цзы (кыт. 荀子) (б. з. ч. 313/290, Чжао падышалыгы — б. з. ч. 238/215 кийин, Чу падышалыгы) – байыркы кытай философу. Ал байыркы Кытайдагы көптөгөн философиялык мектептердин жана багыттардын көз-караш сунуштарын сын көз менен кабылдаган жана аларды өзүнүн окуусуна пайдаланган; жаратылыш жөнүндө бир кыйла туура ой жүгүртүлгөн илим түзгөн.

Ал боюнча, мисалы: асман түшүнүгү мистикалык чексиз укуктуу башкаруучуну туюндурбайт, асман жөн гана табигый кубулуштардын топтому жана анда дүйнөлүк жаратуучу жашайт деген түшүнүк таанылат. Бардык кубулуштардын жана нерселердин келип чыгышы жана өнүгүүсү айлампа боюнча жүрөт жана оң маанидеги Ян, терс маанидеги Инь деп аталган эки күчтүн өз ара аракеттенишүүлөрү менен түшүндүрүлөт.

Сюнь-Цзынын ою боюнча аңдап-билүү процесси сезүү органдардын күбөлөндүрүүсүнөн башталат. Бирок адам сезим тажрыйбасынын берген маалыматтарына ой жүгүртүүнүн натыйжасында гана туура жана ар тараптуу элестөөлөрдү ала алат. Сюньцзынын адам жаратылышынын тубаса арам сапаттары жөнүндөгү теориясы кеңири белгилүү болуп пайдаланылган. Адамдагы бардык жакшы сапаттар тарбиялоо процессинде жаралат. Сюнь-Цзынын окуусу кытай философиясынын андан ары өнүгүүсүнө терең таасир тийгизген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8