Сёмпер Йоханнес

Википедия дан

Сёмпер Йоханнес (10(22). 3. 1892, Тухалаане, азыркы Вильявди р-ну - 21, 2. 1970, Таллин) - эстон совет жазуучусу, Эстон ССР эл жазуучусу (1964).

1940-жылдан КПСС мүчөсү. Тарту университетин бүтүрүп (1928), анда окутуучу болуп иштеген (1928-40). «Лооминг» журналын редакторлогон (1930-40), агартуу министри (1940-ж.). Эстон ССР жазуучулар союзуна төрага (1946-50) болгон.

Чыгармалары 1910-жылдан жарыялана баштаган. Граждандык жана философиялык темадагы «Пьеро» (1917), «Унчукпай коё албайм» (1943; Сов. Эстония сыйлыгы, 1947), «Барактар шамалдагы жалбырактай» (1972) ж. б. ыр жыйнактары, «Кызганыч» (1934), «Ташка таш» (1939), «Кызыл чөгө гүлдөр» (1955) дегендей психологиялык романдары бар.

Семпер - Эстон ССР мамлекеттик гимнинин автору (Сов. Эстония сыйл., 1947). Ленин ордени, башка 2 орден жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4