Мазмунга өтүү

Сүйлөм

Википедия дан

Сүйлөм — синтаксистин изилдей жана үйрөтө турган негизги маселелеринин бири. Ал коомдук турмушта пикир алышуунун, башкача айтканда байланыш, катнаштын эң негизги каражаты болуп эсептелинет.

Сүйлөм ар кандай эле сөздөрдүн жыйындысынан түзүлө бербейт. Ал лексикалык-семантикалык маанилери боюнча жакындыгы бар, ошонун негизинде грамматикалык жактан байланышкан синтаксистик чакан бирдиктерден, б.а. сөз тизмектеринен жана сөздөн түзүлөт. грамматикалык жана интонациялык жактан уюшулган, белгилүү өлчөмдө жыйынтыктуу ойду билдирген сөз же сөздөрдүн тизмеги сүйлөм деп аталат. Бирок кадыресе сөз жана сөздүн айкашынан айырмаланып, сүйлөмдүн өзүнө гана мүнөздүү белгилери бар. Сүйлөмдүн эң негизги белгилеринин бири - предикативдүүлүк, б.а., сүйлөмдүн жалпы мазмунунун чындыкка болгон карым-катышы.

Предикативдүүлүктүн грамматикалык жалпы мааниси модалдуулук, синтаксистик чак жана жак аркылуу берилет. грамматикалык бул категориялардын ажырагыс биримдиги пикир алышуунун эң негизги каражаты болгон Сүйлөмдүн жаралышын шарттайт.

Бир нече багыныңкылуу татаал сүйлөм[түзөтүү | булагын түзөтүү]

        И. А. Азларов: «Сложноподчиненное предложение с несколькими придаточными в современном узбекском литературном языке» аттуу кандидаттык диссертациясынын авторефератында өзбек тилинде колдонулуучу багыныңкылуу сүйлөмдөрдөгү кээ бир бөтөнчөлүктөр, багынычсыз жана багынычтуу татаал сүйлөмдөрдүн ортосундагы негизги айырмалуулуктар, алардын ортосундагы карым-катнаштарга токтолуп, өзбек тилиндеги бир нече багыныңкы сүйлөмдөрдүн баш сүйлөм менен ар кыл формада (байламтасыз түрдө) баяндоочторуна жандоочтор компоненттеш болуп айтылуу аркылуу байланыш жасоо жолдорун белгилейт.  Кыргыз тилинде колдонулуучу татаал сүйлөмдөрдүн составында да бир нече багыныңкы сүйлөм болот, жана алар бир гана ээ менен байланыш жасайт да, андагы айтылуучу ойдун түрдүүчө кырдаалын билдирет: Тоголок кара киши эч кимге ыркын кошподу: ал адам бул жердик эмес: башка жактан келген киши болучу (А. У.). Соно суудан көтөрүлүп учканча, канаты күүгө келгенче, адис болгон ак шумкар зыпылдап жетип калды (К. Ж.).  Биринчи мисалдагы Тоголок кара киши эч кимге ыркын кошподу деген баш сүйлөм, биринчиден, айтылуучу ойдун натыйжасын көрсөтүп турат. Экинчиден, бул баш сүйлөмдүн баяндоочунан кийинки кош чекит багындыргыч интонацияны билдирди. Анын ордуна анткени, себеби эмне үчүн десең сыяктуу себеп байламталардын бирөөнү пайдаланып, өзүнөн кийинки багыңкы сүйлөмдөр менен байланыштырууга болот. Ал эми бул баш  сүйлөмдөн кийин колдонулган ал адам бул жердик эмес, башка жактан келген киши болучу деген сүйлөмдөр эмне учун? эмнеликтен? себеби? деген суроолорго жооп берип, баш сүйлөмдө айтылган ойдун себебин көрсөттү.  Ошон учун бул сүйлөмдөр – себеп багыныңкы сүйлөмдөр; эки себеп багыныңкы сүйлөм бир гана баш сүйлөм менен байланыш жасады.   
       Экинчи татаал сүйлөмдүн составындагы адис болгон ак шумкар зыпылдал жетип калды деген сүйлөм - баш сүйлөм, анткени бул сүйлөм да айтылуучу ойдун натыйжасын көрсөттү. Ал эми андан мурда колдонулган Соно суудан көтөрүлүп учканча, канаты күүгө келгенче деген эки багынынкы сүйлөм качан? кайсы учурда? сыяктуу суроолорго жооп болуп түштү да, андагы (баш сүйлөмдөгү) айтылуучу ойдун мезгилин көрсөттү. Демек, бул эки мезгил багыныңкы сүйлөм бир гана баш сүйлөм менен байланыш жасады. 
        Кээ бир татаал сүйлөмдүн составында бир же бир нече багыныңкы сүйлөм, бир нече баш сүйлөм болот: Катуу дабыш улам күч алган кезде, айлана дүңгүрөгөнсүп, октор тоону карай зуулдады, замбиректер атылып жатты (М.Э). Мында   Катуу дабыш улам күч алган кезде, айлана дүңгүрөгөнсүп  деген эки багыныңкы сүйлөм, октор тоону карай зуулдады, замбиректер атылып жатты деген эки баш сүйлөм бар. Андагы багыныңкы жана баш сүйлөмдөр өз ара багындыргыч интонация (байламтасыз түрдө, мындайча айтканда баяндоочтору -да, -гансып формаларында аяктоо) жолу менен байланыш жасап, биринчи багыныңкы сүйлөмү баш сүйлөмдөрдө айтылуучу ойдун мезгилин, экинчиси сын-сыпатын билдирди. 
     Демек, интонация аркылуу (байламтасыз түрдө) байланыш жасаган сүйлөмдөрдүн айрымдары баш сүйлөмдү, айрымдары багыныңкы сүйлөмдү да билдирет. Ушундан улам, интонациянын сүйлөмдөгү ролу жөнүндө А.М.Пешковский мындай дейт: «Мы даже знаем, что кроме союзов и союзных слов, существует еще одно Средство соединения предложения в сложное целое – союзные паузы, основным признаком которых мы признали интонации».
      Кыргыз тилинде бир гана багыныңкы сүйлөм эки же андан көп баш сүйлөм менен байланыш жасай тургандыгы кездешет: Курмандын үйүн айлана басканымда, үйдүн бурчунда жаткан жолборс башын көтөрдү, мени тааный салып, ал ит кайра  жатты. (К.Б).
      Демек бир гана татаал сүйлөмдүн составында бир же андан көп багыныңкы сүйлөм, жана бир же андан көп баш сүйлөм да катышып айтылат. Андагы багыныңкы сүйлөмдөр бир өңчөй формада колдонулат. Ошого байланыштуу багынычтуу татаал сүйлөмдүн составында колдонулуучу  бир нече багыныңкы сүйлөмдөрдү Бир өнчөй багыныңкы сүйлөмдөр жана бир өңчөй эмес багыныңкы сүйлөмдөр деп бөлүштүрүп кароого туура келет.

Бир өңчөй багыныңкы сүйлөмдөр

      Баяндоочтору бирдей формадагы -ды, -са, ганча, -ганда, -гансып, -ыл сыяктуу формаларда аяктаган, баяндоочторуна айрым жандоочтор компоненттеш болуп айтылган бир нече багыныңкы сүйлөм бир гана баш сүйлөм менен байланыш жасаган учурлар кездешет: Атамдын көрүнүшү алда кандай коркунучтуу: көзү чанагынан чыгып, таноолору кыпчылып, муруттары тикеленип, моюну керкейип, далысы бүкчүйүп, мени тиктеп тургансыйт (К. Ж.). Мындагы Атамдым көрүнүшү алда кандай коркунучтуу деген сүйлөм, биринчиден, айтылуучу ойдун натыйжасын билдирди. Экинчиден, өзүнө эмне үчүн? эмнеликтен? сыяктуу суроолордун бирин берүүнү талап кылды, жана ал суроого жооп болуп түшүшү боюнча өзүнөн кийинки сүйлөмдөргө көз каранды кылды. Ошон үчүн өзүнөн кийинки баяндоочтору бирдей формада аяктаган сүйлөмдөр баш сүйлөмдөгү айтылуучу ойдун сын-сыпатын билдирди. Демек, баяндоочтору бирдей формада аяктап, баш сүйлөм менен байланыш жасаган сүйлөмдөрдү, А. Жапаров белгилегендей, бир өңчөй багыныңкы сүйлөмдөр деп атоо оң. Бул сыяктуу термин казак тилинде “Бир ыңгай багыныңкы сүйлөм”  болуп, орус тилинде “Параллельное подчинение” болуп аталып жүрөт.
            Татаал сүйлөмдүн составындагы баш сүйлөм менен бир өңчөй багыныңкы сүйлөмдүн алган орду түрдүүчө: баш сүйлөм бир өңчөй багыныңкы сүйлөмдөрдөн мурда да, кийин да колдонулат. Айрым учурда баш сүйлөмдөн мурда кандайдыр бир багыныңкы сүйлөм колдонулат да, ал баш сүйлөмдөн кийин бир нече багыныңкы сүйлөм айтылат: Акыркы жети күн Шакел үчүн оор болду: тынымы жок, түн уйкусу жок (Ж.Т). Курмандын акылы кем болсо, мээсине эчтеке кирбесе, молдо аны эмнеге кармайт (К.Б). Тегирмендин жанында эгин чаап жүргөн Касымдын комбайны жым болуп токтоп калганда, мен анча деле назар салган жокмун: дагы бир жери бузулган чыгар; иш үстүндө ар кандай боло берет эмеспи; ошол ой менен өйдө карабай орок тарта бердим (Ч.А).
        Биринчи татаал сүйлөмдөгү Акыркы жети күн Шакел үчүн оор болду – баш сүйлөм; кийинкилери – себеп багыныңкы сүйлөмдөр. Экинчи татаал сүйлөмдөгү молдо аны эмнеге кармайт – баш сүйлөм. Курмандын акылы кем болсо, мээсине эчтеке кирбесе – шарттуу багыныңкы сүйлөмдөрдөн кийин колдонулду. Үчүнчү татаал сүйлөмдүн составындагы Мен анча деле назар салган жокмун – баш сүйлөм, Тегирмендин жанында эгин чаап жүргөн Касымдын комбайны жым болуп токтоп калганда – мезгил багыныңкы сүйлөм. Бир өңчөй багыныңкы сүйлөмдүн баш сүйлөмдөн мурда, кийин колдонула тургандыгы байкалат. Бир өңчөй багыныңкы сүйлөмдүн баш сүйлөмдөн кийин колдонулушу, биринчи иретте, ар бир жазуучу же сүйлөөчү адамдын стилдик ыкмаларына байланыштуу болуу керек. Экинчиден, анткени, себеби, неге десең, эмне үчүн десең сыяктуу себеп байламталардын сүйлөм тизмегинен түшүрүлүп айтылышына, ошонун натыйжасында, баш сүйлөмдүн баяндоочу ойду так бүтүрө айтылышына, өзүнөн кийин колдонулуучу бир нече багыныңкы сүйлөмдун маанисин жалпылап көрсөтүп, ойдун натыйжасын билдиришине да байланыштуу.      
          Ушуга байланыштуу жазууда андагы баш сүйлөмдүн баяндоочунан кийин кош (:) чекит, багыныңкы сүйлөмдөрдүн араларына үтүрдүү (;) чекит же үтүр коюлат.
      б) эгер баш сүйлөмдөн кийинки багыныңкы сүйлөмдөрдүн баяндоочтору ойду так бүтүрө айткандыкты билдирсе, андан кийин үтүрдүү  чекит, ойду так бүтүрө айта албагандыкты билдирсе үтүр коюлат: Ошол түнү кызды таңды уктабай атырды: (анткени) байкуш атам кызыл койнок таба албай, кара ала, сары ала бирдемени алып келбегей эле; кепич-маасыны кеңинен алып келсе, бирдемелерди шыкап кийүүгө болот; тарынан алып келсе, анда иш такыр бузулат; багы жокко баары жок болбогой эле (А.У). 
      Багынынкы сүйлөмдөрдөн мурда колдонулуп, өзүнөн кийин кош чекит коюлуучу баш сүйлөмдүн баяндоочу түрдүүчө формаларда аяктайт:

а) Баяндоочу өткөн чакты билдирүүчү - ды мүчөсү менен аяктайт: Ушул сааттан тартып менин башыма оор күн түштү: (неге десең) акелерим чындаса, мени сабап отуруп алып кетсе да, ким эмне дейт эле анда; түнү менен көз ирмебей, Картаңбайдын үйүндө жатып, минут сайын коркунучтуу күтүүдө болдум (Ч.А). б) -ган формасынла аяктаган баяндоочуна жок компоненттеш болуп айтылат: Ал түнү экөөбүз тең уктаган жокпуз : Алиман өзүнчө ой жүгүрттүбү, кээде катуу үшкүрүп коюп жатты; мен болсом көзүмдү жумсам да, Алимандын бүгүнкү кылган жакшылыгына көңүлүм көлдөп, өткөн күндөр көз алдыма тартылып турду (Ч. А.). в) Баяндоочуна эле, эмес сыяктуу жардамчы сөздөр компоненттеш болуп айтылат: Столдун үстү эч убакта бүгүнкүдөй көркүнө чыккан эмес: карыянын түшүнө кирбеген сонун укмуштуулардын бардыгы жайнады; столго кыдырата коюлган шампанскийлер карыя үчүн чоочун болсо да, сүйкүмдү жана укпаган жомок сыяктуу туюлду (А. Т.). г) Баяндоочу буйрук ыңгайдын терс формасын билдирүүчү сөздөрдөн болот: Бизге эртең жол тартууга туура келбейт: күн суук, ой да, тоо да ак көр, көк муздун кучагында ( К.Б). Алийман кеткенден кийинки күндөрүм курусун: үч-төрт күн эптеп карманып чыдап жүрдүм; анан чыдагыз болду; кээде туруп бир жакка тентип басып кетким да келет (Ч.А).

        Баш сүйлөмдөн мурда колдонулуучу бир өңчөй багыныңкы сүйлөмдөрдүн баяндоочтору түрдүүчө формада (-са, -ганда, -гансып, -гандай жана башка формаларда) аяктайт.
         a) Баяндоочтору -са формасында аяктаган бир өңчөй багыныңкы сүйлөмдөр негизинен баш сүйлөмдөн мурда колдонулат. Алардын баш сүйлөмдөн мурда колдонулушу баяндоочторунун ойду так (тыянактуу) бүтүрө албагандыгына байланыштуу: Ленин атындагы колхозго барсам, машина болор-болбос жеринен бузулуп турса, өзүм оңдоп ала албай, караган чакчыгай көздөнүп, качан келери белгисиз механикти күтүп турсам, анда менин атым ким болот? (К. Ж.).

Баяндоочу - са формасында аяктаган бир өңчөй багыныңкы сүйлөмдөр, прозада, айрыкча, поэзияда кеңири колдонулат.

б) Баяндоочу - ганда формасында аяктаган же баяндоочторуна кезде, ченде, учурда, убакта сыяктуу сөздөр компоненттеш болуп айтылган бир өңчөй багыныңкы сүйлөмдөр да баш сүйлөмдөн мурда колдонулат: Ал башын өөдө көтөрө бергенде, өзүнө карап шагы ийилип турган кызыл алмалар анын көзүн арбап жибергенде, тентексип турган мүнөзүн ого бетер чаргытты (А. Т.). Уулум тогуз болгондо, Төрт кыбыла жагыма Толкуп малым толгондо, Чоң кайгырып мен турам («Эр Төштүк»). в) Баяндоочу -дай формасында аяктаган бир өңчөй багыныңкы сүйлөмдөр да баш сүйлөмдөн мурда колдонулат: Айтор Ала-Тоонун алты уулу зор Москвага улам жакындагандай, калдайып шаар көчкөндөй, алты жакта музыка маршы дүйгүрөдү (Т.С).

 г) Бяндоочтору -гансып, -ганчы, -ганча, сыяктуу формаларда аяктаган бир өңчөй багыныңкы сүйлөмдөр баш сүйлөмдөн мурда колдонулат: Те алыстан адам үнү чыккансып, жер дүңгүрөгөнсүп, жалаң атчан келе жаткан окшоду (Т. К.).  

Бир өңчөй эмес багыныңкы сүйлөмдөр

     Бир гана баш сүйлөм менен байланышып, анын түрдүүчө кырдаалын билдирген бир нече багыныңкы сүйлөмдөр колдонулат. Мындай сүйлөмдөрдүн баяндочтору бирдей формада эмес , ар кандай формада аяктайт да бир өңчөй эмес багынкылуу татаал сүйлөмдү уюштурат: Ботаника багына кирерде, бактын жай-маанисин  биле турган адамды ээрчитип албасак болбойт десем, Багарт макул болгон жок ( К. Б.). Бул мисалдагы бактын жай- маанисин биле турган адамды эрчитип албасак болбойт десем деген сүйлөмдүн баяндоочу шарттуу ынгайдын -са формасында аяктады да, баш сүйлөмдөгү айтылуучу ойдун шартын билдирди .
       Бир өңчөй эмес багыныңкы сүйлөмдөрдүн баяндоотору төмөнкүдөй формаларда уюштурулат: 
       Кээ бир талаал сүйлөмдөрдүн составындагы багыныңкы сүйлөмдөрдүн баяндоочтору түрдүү формадагы мүчөлөр менен аяктайт да бир өңчөй эмес багыныңкы сүйлөмдөрдү уюштурат: 
       Курман үйдө чай ичип олтурганда, эшиктен аттын дүбүртү чыккансып, иттер абалап үрүп калды ( К. Б.). Бул татаал сүйлөмдү составында бир гана баш сүйлөм менен байланышкан эки багыныңкы сүйлөм бар, алардын бирөөнүн баяндоочу -ганда ,экинчисинки —кансып *формаларында, демек, ар түрдүү формада аяктады.
       Баяндоочтору бирдей формада мүчө менен аяктаган бир өңчөй багыныңкы сүйлөмдөрдүн саны эки , же үч, же болбосо андан да көп болот. Ал эми баяндоочтору түрдүүчө формада мүчөлөр менен аяктаган бир өңчөй эмес багыныңкы сүйлөмдөрдүн саны чанда гана, учурда үч сүйлөм, көпчүлүк учурда эки багынынкы сүйлөм боло тургандыгы байкалат. Моюну чүрөктөрдүкүндөй, кашы калем менен тарткандай, көзү жаңы туулган ботонукундай, оозу оймоктой, бели кындай, чачы жибектей, ал укмуштай сулуу кыз эле (К. Ж.). Бул татаал сүйлөмдүн составында баяндоочтору бирдей формада аяктаган жана бир гана баш сүйлөм менен байланыш жасаган алты багыныңкы сүйлөм бар.
    Баяндоочторуна жандооч компоненттеш болуп айтылган көп багыңыңкы сүйлөмдөр да бир өңчөй эмес багыныңкы сүйлөмдү уюштурат, бирок алар анча көп колдонулбайт. 

а) Татаал сүйлөмдүн составындагы ар бир багыныңкы сүйлөмдөрдүн баяндоочторуна чанда гана учурда бир эле формадагы жандооч компоненттеш болуп айтылат да, бир өңчөй багыныңкылуу татаал сүйлөмдү уюштурат: Барып иштеген жеринде маскара болбос үчүн, аялдардын жогоркудай какшыктуу каарын укпас үчүн, өйдө-төмөн чапкылап далбас урууда (К. Ж.).

б) Кээ бир татаал сүйлөмдүн составындагы ар бир багыныңкы сүйлөмдүн баяндоочуна түрдүүчө формадагы жандооч компоненттеш болуп айтылат да, бир өңчөй эмес багыныңкылуу татаал сүйлөмдү уюштурат: Колдо эч нерсе жок болгон соң, оозго канча каргыш алынган менен, убада ордунан чыкпады (Т. К.).

в) Кээ бир татаал сүйлөмдүн составындагы багыныңкы сүйлөмдүн бирөөнүн баяндоочуна кандайдыр бир жандооч компоненттеш болуп айтылып, бирөөнүн, айрым учурда бир нечесинин баяндоочу кандайдыр бир мүчө менен аяктап, баш сүйлөм менен байланыш жасайт да, бир өңчөй эмес багыныңкылуу татаал сүйлөмдү уюштурат: Бала ыйлаганда, үйдөгү ата-энем үнүн уксун үчүн, анын башын терезенин көзүндөгү сынык жерге тушташтырып койдум (К. Ж.). Мындай структурадагы татаал сүйлөмдөр да кыргыз тилинде активдүү колдонулат.

         Байламтасыз түрдө жана байламталар аркылуу баш сүйлөм менен байланыш жасаган бир өңчөй эмес багыныңкы сүйлөмдөр да кездешет. Баш сүйлөмгө багыныңкы сүйлөмдөрдүн бирөөнүн баяндоочу кандайдыр бир мүчө менен аяктайт да, экинчи багындыргыч байламта аркылуу байланыш жасайт. Демек, татаал сүйлөмдүн составындагы баш, багыныңкы сүйлөмдөр өз ара байламталар аркылуу жана байламтасыз түрдө (баяндоочу кандайдыр бир мүчөнү кабыл алуу жолу менен, же ага кандайдыр бир жандооч компоненттеш болуп айтылуу жолу аркылуу) байланыш жасоо жолу менен да бир өңчөй эмес багыныңкылуу татаал сүйлөмдү уюштурат.

а) Татаал сүйлөмдүн составындагы багыныңкы сүйлөмдөрдүн бир компоненти көпчүлүк учурда себеп байламта антени, себеби аркылуу, калгандарынын баяндоочтору кандайдыр бир мүчөнү кабыл алып, баш сүйлөм менен байланыш жасайт: Арабыз улам кыскара берди, антени тигилер кап салынып, катуулап кете албаса да, эгинди ташташпады (Ч. А.). б) Татаал сүйлөмдүн составындагы багыныңкы сүйлөмдөрдүн бир компоненти себеп байламта ошондуктан, ошон үчүн, ошол себептүү сыяктуу байламталар аркылуу, калгандарынын баяндоочтору кандайдыр бир мүчөнү кабыл алуу жолу менен баш сүйлөмгө байланышат: Тыныбек балдарына энчи бөлүштүргөндө, Мамат менен келинчеги жаш болгон, ошон үчүн аларга кызмат кылууга Алымбайды кошо берген (К.К). в) Татаал сүйлөмдүн составындагы багыныңкы сүйлөмдөрдүн бир компоненти салыштырма байламта кандай-ошондой, канчалык- ошончолук, канча-ошончо аркылуу калгандарынын баяндоочтору кандайдыр бир мүчөнү, айрыкча -са мүчөсүн кабыл алуу жолу аркылуу баш сүйлөм менен байланыш жасайт: Жер үстүндө от кандай өчпөс болсо, суу кандай соолубас болсо, аба кандай түгөнбөс болсо, так ошондой кенч киши го дейм өзүмдүн жаман акылымда (Ч. А.). г) Татаал сүйлөмдүн составындагы багыныңкы сүйлөмдөрдүн бир компоненти себеп байламта неге десең, эмне үчүн десең сыяктуу байламталар аркылуу, калгандарынын баяндоочтору кандайдыр бир мүчөнү кабыл алып, баш сүйлөм менен байланыш жасайт да, бир өңчөй эмес багыныңкылуу таттал сүйлөмдү уюштурат: Короодо кой болсо, коңуругунан үркүп быт-чыт чыкмак, эмне үчүн десең кор-шар, быш-күш, кый-чыйлаган коңуругу үйдүн ичин оң таптырбады (А. У.). Кокус Айжаркын мага таарынса, же мен Айжаркынга таарынсам, баягы табышмактуу кыз менен жигит көз алдыбызга элестейт, неге десең көкүрөккө жат болгон жакшы сөздөр эстен чыкпайт эмеспи (К. Ж.) .

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4