Сүйрү мээ

Википедия дан

Суйру мээ — (лат. medulla oblongata (myelencephalon)). Арткы мээ менен жүлүндүн ортосунда жайгашкан. Сүйрү мээнин жогорку чеги көпүрөчөнүн төмөнкү чеги менен өтөт, Арткы бети 4-карынчанын чокусун түзүүдө катышат жана 4-карынчаны жогорку жана төмөнкү бөлүккө бөлөт. Сүйрү мээ менен жүлүндүн чеги болуп жүлүндүн 1-жуп нервдери чыккан жерлери же желке сөөгүнүн чоң тешиги саналат. Сүйрү мээнин жогорку бөлүгү төмөнкү бөлүгүнө салыштырганда бир аз жооноргон. Ушуга байланыштуу сүйрү мээ негизи жогору караган конуска окшош. Чоң кишилерде сүйрү мээнин узундугу орточо 25мм болот. Сүйрү мээде алдыңкы, арткы жана эки каптал беттери бар. Ошондой эле алар бири биринен жылгалар аркылуу бөлүнгөн. Алдыңкы бети алдыңкы ортоңку жылга (fissura medians ventralis) менен тең экиге бөлүнүп турса, арткы бети арткы ортоңку жылчык (sulcus medians dorsalis) менен экиге бөлүп турат. Бул экөөсүнүн ар биринин эки тарабында алдыңкыда sulcus ventrolateralis, арткыда sulcus dorsolateralis жайгашкан. Сүйрү мээнин алдыңкы бетинде алдыңкы ортоңку жылганын эки тарабында сүйрү мээнин пирамидалары (pyramides) жайгашкан. Сүйрү мээнин төмөнкү бөлүгүндө пирамиданын түзүп туруучу тутамдар кескин түрдө бурулуп карама-каршы тарапка өтүшөт да жүлүндүн каптал танабына өтүп кетет. Бул өтмөк пирамиданын кайчылашуусу(decussatio pyramidum) деп аталат. Кайчылашуу орду сүйрү мээ менен жүлүндүн анатомиялык чек арасы болот. Сүйрү мээнин пирамидаларынын капталдарында овал формасында оливалар (oliva) жайгашкан жана алар пирамидалардан алдыңкы сырткы жылчык менен бөлүнүп турат. Сүйрү мээнин алдыңкы каптал жылчыгынан тил астындагы нервдин дүмүрчөгү чыгат (XII-жуп). Арткы бетинде арткы ортоңку жылчыктын капталдарында жүлүндүн арткы танабынын ичке жана шынаа сымал тутамдары дөмпөк менен бүтүшөт, алар бири биринен арткы аралык жылчык аркылуу бөлүнүп турат. Ичкерирээкте ичке тутам (fasciculus gracilis) жатат да жооноруп ичке ядронун дөңчөсүн(tuberculum gracile) пайда кылат. Сыртыраакта шынаа сымал тутам(fasciculus cuneatus) жайгашат да ичке тутамдын капталында шынаа сымал ядронун дөңчөсүн (tuberculum cuneatus) пайда кылат. Оливалардын артыраагында сүйрү мээнин арткы сырткы жылгасынан(sulcus retroolivaris) тил-кулкун, адашкан жана кошумча нервдердин дүмүрчөлөрү чыгат (IX, X и XI-жуптар).