Сүйүнчү

Википедия дан

Сүйүнчүкубанычтуу, жакшылык кабар билдирүү жана жакшы кабар айткан кишиге берилүүчү сыйлык. Мисалы, бала төрөлгөндө, узак сапардан, жортуулдан аман кайтып келгенде, буюм, мал табылганда жана башкаларда жакшылыкты сүйүнчүлөшкөн. Сүйүнчү билдирген кишиге белек, мал тартуулашкан.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.