Сүйүнчү айтуу

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Ата-энеңдин сен жаралдың таалайына,
Hyp болуп жанып турчу маңдайымда!
Токтогул Жумадилов

Бала төрөлгөндө, жакын адамы алыс сапардан келгенде, баласы окууга өткөндө ж.б.у.с. кандайдыр бир кубанычтуу окуя, жакшылык жөнүндөгү кабарды жакын адамдарга, жакшы санаалаштарга, туугандарга ж.б. билдирүү сүйүнчүлөө болуп эсептелет. Сүйүнчүнү керектүү адамдарга чоң кишилер өздөрү да айтат, же киши чаптырып, же жакын жерде болсо бала чуркатышат. Мурда айрыкча уул бала төрөлгөндө үймө-үй кыдырып сүйүнчүлөшкөн. (Бул эркек балдардын аздыгынан болсо керек. Анткени жоокерчилик заманда жигиттер көбүрөөк курман болушкан). Мисалы,

- Сүйүнчү, сүйүнчү! Байкем, жеңем балалуу болушту!
- Болсун, болсун! Бешик боосу бек болсун! - дешкен. Мындай жакшы кабарды биринчи айткан кишиге же балага сүйүнчү ыроолошкон. Сүйүнчү алган киши эч качан аз же көп деп айтпашы шарт. Бергенине гана ыраазы болуп кете берет. Бул ата-бабадан келаткан жөрөлгө. Бирок, кээде сараң адамдар сүйүнчү бербей сүйүнчүлөп келген адамдын демин суутуп койгон учурлар да болот. Мындай учурда сүйүнчү айткан киши жоош же бала болсо ичинен наараазы болуп кете берет. Ал эми нарк билген, сөз билген тири карак адам болсо тигини чымчып уяткарат.
Ага «Манас» эпосунан бир мисал келтирели. Чыйырды уул төрөгөндө Акбалтанын Жакыпка сүйүнчүлөп турганы:

Айтканымды туюнчу
Арстаным Жакып, сүйүнчү!
Дегенимди туюнчу
Дегдеген Жакып, сүйүнчү!
Карыганда байбиче
Кабылан тапты, сүуйүнчү!
Жобогондо байбиче
Жолборс тапты, сүйүнчү!
Жоголордо байбиче
Жолдош тапты, сүйүнчү!
Эриккенде байбиче
Эрмек тапты, сүйүнчү!
Кайгырганда байбиче
Каралды тапты, сүйүнчү!

Жакып муну угуп сүйүнгөндөн көпкө эс-учун жоготуп, далдырап калат. Эсине келгенде Акбалтадан байбичесинин чын эле уул төрөгөнүн, анын өзү аман-эсендигин кайта-кайта сурай бе¬рет. Катуу кубанганынан Акбалтага сүйүнчү бергенди да унутат. Акбалта тамашага чалып ушундай кубанычтуу кабары үчүн сүйүнчү бербей, көпкө кыйшаӊдап сараӊданып турганын уяткарат. Анда Жакып күлүп, Акбалтага төмөнкүдөй жооп айтат:
Андай болсо Акбалта,
Эркеги буудан am болду
Эр жигитке тараттым.
Ургаачысынын баарысын
Ак түлөөгө жараттым.
Үйүрү үч жүз болуптур,
Жашы үч асыйга толуптур.
Камбарбоздун үйрүнөн
Каалап туруп тогузду ал.
Төөдөн алгын төртөөнү.
Терт түлүк малдан төрт тогуз,
Балтам сага жетеби?...

Адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Кадыров Ысмайыл. Кыргыз маданиятынан тамган тамчылар. –Б.: 2011. – 208 б.