Сүннөт той

Википедия дан

Сүннөт той — баланы отургузууда өткөрүлүүчү той.

Той айрым райондордо үч күнгө созулат. Биринчи күнү той кеңеш өткөрүлөт, тойго арналып багылган мал (аны баланын таятасы, таякелери алып келет) союлат ж.б. даярдыктар өткөрүлөт. Экинчи күнү той башталат, алыс-жууктан коноктор келет, аларга тамак тартылат, айылдагы үйлөргө коноктоого бөлүштүрөт. Байгелүү оюндар уюштурулат. Үчүнчү күн той узаар күн деп аталат. Бул күнү бала сүнөтткө отургузулат жана тойго келгендер тамактанып тарап кетишет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.