Сүрөтчүлөр артели

Википедия дан

Сүрөтчүлөр артели – өткөн кылымдын 60-жылдарындагы Петербургда пайда болгон жаш орус сүрөтчү-демократтар бирикмеси. Сүрөтчүлөр артелин түзүү идеясы улуу революционер-демократтардын (айрыкча Н. Г. Чернышевскийдин) таасири менен пайда болгон. Сүрөтчүлөр артелин түзүүгө 1863-ж. сүрөтчүлөрдүн сүрөт академиясын коллективдүү түрдө таштап чыгып кетүүлөрү түрткү болгон. 14 сүрөтчү, келечектеги С. а-нин мүчөлөрү идеалисттик эстетика принциптерин ачык айыпташкан жана аны турмуштан көркөм өнөрдү ажыратат деп билишкен. Өз алдынча иштөөгө өтүү менен И. Н. Крамской жана анын жолдоштору (Ф. С. Журавлёв, А. И. Корзухин, К. В. Лемох, А. Д. Литовченко, К. Е. Маковский, А. И. Морозов жана башкалар) биргелешип жашоону жана иштөөнү чечишкен. Өздөрү уюштурган «Эркин сүрөтчүлөр артелинде» алар адистиктерине байланыштуу заказдарды аткарышкан, сүйүктүү жазуучулары менен публицисттеринин чыгармаларын үн чыгарып окууга жана көркөм искусствонун кээ бир маселелерин талкуулоого, аңгемелешүүгө, сүрөт тартканга чогулушкан. Мындай чогулуштарга көп учурда сырттан келген жаш сүрөтчүлөр да катышып турган. С. а. 70-жылдардын башына чейин өкүм сүргөн жана 1870-ж. «Көчүп жүрүүчү көркөм сүрөт көргөзмөлөр шериктештиги» пайда болгондон кийин тарап кеткен. С. а-нин пайда болушу көчүп жүрүүчүлөрдүн кийинки ишмердигин даярдаган. С. а-нин мурунку уюштуруучуларынын көбү көчүп жүрүүчү көргөзмөлөрдүн көрүнүктүү жана активдүү катышуучуларына айланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]