Сүрөт сканери

Википедия дан
Сканер.

Сканер (англ. scanner) - жалпак алып жүрүүчүдө (көбүнчө кагазда) жайгашкан сүрөттү окуп, аны санариптик форматка айландырууга же андагы маалыматты алыска жөнөтүүгө ыңгайлаштырган түзмөк.

АСТ (аналогдук санарип түрлөнткүч; англ. Analog-to-digital converter) менен сканерлөө учурунда ЭЭМ үчүн тышкы объекттин образы болгон сүрөттүн санарип сүрөттөлүшү түзүлөт. Бул киргизүү-чыгаруу системинин жардамы менен ЭЭМге берилет.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1856-жылы флоренциялык аббат Жованни Казелли (итал. Giovanni Caselli) алыска сүрөт жиберүүчү прибор ойлоп тапкан. Бул прибор кийинчерээк пантелеграф деп аталган. Жиберилчү сүрөт барабанга ток өткөрүүчү сыя менен түшүрүлүп, ийне менен окулган.

1902-жылы Артур Корн (ал. Arthur Korn) аттуу немис физиги кийинирээк телефакс деп аталып калган фотоэлектрлик сканерлөө технологиясына патент алган. Жиберилчү сүрөт тунук айланма барабанга бекитилген. Барабандын огун бойлой жылган лампанын жарыгы түп нускадан өтүп, барабандын агун бойлой жайгашкан призма жана объектив аркылуу селен фотокабылдагычка жеткен. Бул технология барабан сканерлерде дагы эле колдонулат.

Жарым өткөргүчтөрдүн өнүгүшү менен фотокабылдагыч мыктыланды, сканерлөөнүн планшеттик ыкмасы ойлоп табылды, бирок, сүрөттү санариптөөнүн баштапкы принциби өзгөрүүсүз калды.

Колдонулушу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сканер компүтерге сүрөт киргизүү үчүн колдонулат. Бул сүрөттөрдү дароо графикалык редактордо иштетүүгө мүмкүн. Сканерлер жалпак сүрөттөрдү санарип камераларга караганда жакшараак киргизишет.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]