Мазмунга өтүү

Сөздүн мааниси

Википедия дан

Сөздүн мааниси - жөнүндөгү илим - тил илиминде семасиология деп аталат. Адам аң-сезимине таасир эткен түшүнүктөрдүн бардыгы атоогОшондуктан таанып-билүүдөн улам түшүнүк пайда болот. Денотаттык атоо номинация деп аталат. Заттар, окуялар, кубулуштар ж.б. аталганда көз алдыга алардын элеси тартылат да, жалпыланган түшүнүк келип чыгат. Жалбырак десек, дарак, өсүмдүктөрдүн негизги бутагынан бөлүнүп турган, жылыга алмашып туруучу, жалпак нерсе жөнүндө түшүнүк пайда болот. Ал эми эрмендин, беденин, арчанын, карагаттын, жүгөрүнүн жалбырагы десек, анда конкреттүү элес тартылат. Мындан улам, тилдеги сөздөрдүн адам психикалык кабылдоосунун негизинде бириктирүүчү жана ажыратуучу (интеграциялык жана дифферанциялык) мааниси да келип чыгат, натыйжада, семантикалык системадагы маанилик талаалар түзүлөт. Лексикалык бирдиктин семантикалык аспектиси сөздүн түшүнүк, денотат менен байланыштуу каралышын туюндурат. Сөз түшүнүктөн келип чыгат (сигнификат), ошол түшүнүктү атап берүүчү кеп каражаттары менен байланышта каралат. Лексикалык кор семантика менен карым-катышта, анткени ар бир сөздүн маанилик табиятын иликтөөдө сөздүн семантикалык типтерин, сөз маанилеринин лексикологиялык категорияларын аныктоодо, лексикалык бирдиктердин семантикалык өзгөчөлүгүн тактоодо (моносемия, полисемия, конкреттүү, абстракттуу, тике жана өтмө маани ж.б.), логикалык жана экспрессивдик жактан чагылдырууда сөз лексикалык бирдик катары каралат.

Сөздүн маанисинин конкреттүү жана абстракттуу маанилери да адам туюмуна, денотаттык түшүнүктүн табиятына байланышкан. Конкреттүү заттардын, абстракттуу түшүнүктөрдүн атына жараша ажыратылат: тиш, темир, суу, тоо, көпүрө, нан ж.б. конкреттүү маанилер, аба, жаштык, сулуу, өмүр, карылык, ажал ж.б. абстракттуу маанилер.

Семантикалык маанилер номинативдик жана коннотативдик маанилерге ажырайт. Номинативдик маани денотат менен тикеден-тике байланышса, коннотация номинатив менен байланышкан, бирок туунду мүнөздө болот. Ал туунду жана өтмө маанилерди камтыйт. Бизди курчап турган чөйрөдөгү заттар, кубулуштар, окуялар бири-бирине окшош, типтеш болгондуктан, адам акылында ошол белгилерине карата анализ жана синтезден өтүү менен окшоштор бирдей аталышка ээ болот да, коннотациялык маанини пайда кылат.

Номинация - контекстке көз каранды эмес, денотат менен байланышкан атоо, номинациялык маани семантикалык башат катары коннотациялык маанилерди топтоштурат. Коннотациялык маани - номинациялык маани менен байланыштуу, окшоштук белгилерине карата пайда болгон туунду жана өтмө маанилердин тобу, булардын натыйжасында сөздүн полисемиялуу маанилери пайда болот: казан – 1. катуу металлдан тамак бышыруу үчүн жасалган, ысык температурага ылайыкташкан идиш; 2. казандагы тамак, казан асылды десек, тамак бышырууга көрүлгөн кам; 3. өтмө маанисинде, тамак бышуучу процесс, убакыт. Бул жерде 1-мааниси номинациялык, 2, 3-маанилери коннотациялык маанилер болуп эсептелет.

Сөздүн лексикалык жана грамматикалык маанилери бар. Лексикалык мааниси түшүнүк менен тикеден байланышкан, контекстке көзкарандысыз маани. Ал адам туюмуна таасир эткен түшүнүктөрдү атап берүү үчүн кызмат кылат. Тилде канча түшүнүк болсо, ошончо сөз болот, алар сөздүктөргө батырылат. Сөздүн жеке өз алдынча турган жана грамматикалык кызматынын ченинде анын грамматикалык мааниси келип чыга тургандыгы аныкталат. Ошонун негизинде сөздүн грамматикалык категориялары, грамматикалык формалары тастыкталып, сөздүн грамматикалык жана семантикалык маанисин тактоого шарт түзүлөт. Эгерде китеп десек, анын лексикалык мааниси окуу үчүн даярдалган, барактардын топтомунан турган кандайдыр бир типографиялык басылма, бул - лексикалык маани; китеп сатып алдым десек, зат атооч, жекелик санда, конкреттүү зат атооч, толуктооч экендиги анын грамматикалык кызматын айгинелеп турат, грамматикалык маанисин аныктоого шарт түзөт. Ошентип, лексикалык жана грамматикалык каражаттар сөздүн лексико-грамматикалык талаасын түзөт (сандык, мезгилдик ж.б. туюндуруу).

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4