Сөз байланышы

Википедия дан

Сөз байланышы - сүйлөмдөгү сөздөрдүн бири бири менен маанилик жана грамматикалык жактан айкашышы.

Ал багыныңкы жана тең байланыш деп бөлүнөт. Багыныңкы байланыш синтетикалык (жак, сан, жөндөмө мүчөлөрү жана этиштин чакчыл формалары аркылуу) жана аналитикалык (орун тартип, интонация жана кызматчы сөздөр аркылуу) жол менен ишке ашат. Кыргыз тилинде багыныңкы байланыштын төрт түрү бар: башкаруу, таандык, ээрчишүү, ыкташуу. Башкаруу байланышында багындыруучу сөзгө карата багыныңкы сөз синтаксистик жактан шартталып, атооч, илик жөндөмөлөрүнөн башка жөндөмөлөрдө турат; таандык байланышта багындыруучу сөз таандык мүчөнү, багынычтуу сөз илик жөндөмөсүнүн мүчөсүн кабыл алат; ыкташуу байланышында багыныңкы сөздүн формасы өзгөрбөй, багындыруучу сөз менен орун тартиби, интонациясы жана мааниси боюнча синтаксистик байланышта болот; ээрчишүү байланышында багыныңкы сөз багындыруучу сөздү сан, жак, түр боюнча ээрчийт...

Тең байланыш сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрүн, багынчысыз кошмо сүйлөмдө жөнөкөй сүйлөмдөрдү байланыштырат. Тең байланыштагы сүйлөмдөр же сөздөр бири биринин синтаксистик милдетин шарттай албайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9