Сөз жасоо
Сөз жасоо –
1) тилдеги үлгүлөргө жана моделдерге ылайык туунду же татаал сөздөрдү жасоо.
2) Тил илиминде туунду жана татаал сөздөрдүн жасалуу, кызмат аткаруу, түзүлүш, классификацияланыш аспектилерин изилдеп үйрөнүүчү бөлүм.
Сөз жасоо номинация процессин жүзөгө ашыруу менен, сөздүк составды толуктоонун жана ар башка сөз түркүмдөрүнүн ортосундагы байланыштын негизги каражаты болуп эсептелет. Жаңы аталыштарды жаратуу жөнүндөгү окуу катары Сөз жасоо ономасиологиянын бир бөлүгү болуп эсептелет. Ал туунду жана татаал сөздөрдү динамикалык ("сөздөр кантип жасалат") жана статикалык ("сөздөр кантип жасалган") аспектилерде, диахрондук жана синхрондук карым-катышта изилдейт.
Колдонулган формалдык каражаттарга жараша Сөз жасоо сөз жаратууга аффикстер жана преффикстер аркылуу, сөз бириктирүүгө толук маанилүү эки же андан көп бирдиктер аркылуу, конверсияга (сөздөрдүн бир сөз түркүмүнөн экинчисине өтүүсү аркылуу), аббревиацияга (сөздөрдү кыскартуу аркылуу жаңы сөз жасоого) бөлүнөт. Формалдык каражаттардын жардамы менен жаңы сөз жасоо кээде деривация деп да аталат.
Сөз жасоо теориясынын калыптанышы бир нече этаптан турган:
- 1) морфологиялык этапта анын минималдуу бирдиги катары морфема каралып, бардык Сөз жасоо көрүнүштөрү морфология аркылуу түшүндүрүлгөн;
- 2) структуралык-семантикалык этапта туунду сөздүн структурасы жана семантикасынын карым-катыш маселеси борбордук орунда туруп, Сөз жасоо маанисин аныктоого жана анын табиятын түшүндүрүүгө аракет жасалган.
70-жж. тартып С.Ж-ну үйрөнүүдө 3 багыт орун алат:
- 1) синтаксистик (трансформациялык) - түрдүү дериваттардын семантикасын жана структурасын түрдүү синтаксистик конструкциялар аркылуу түшүндүрүү же баштапкы синтаксистик конструкциялардын дериватка айлануусу (мис., Ал түрк тилдерин изилдейт жана Ал – түрколог);
- 2) ономасиологиялык - Сөз жасоону сүйлөөчүнүн номинативдик иш-аракетинин же номинация теориясынын көзкарашынан изилдөө;
- 3) функционалдык-семантикалык - кепте жана текстте туунду жана татаал сөздөрдүн жасалышын, семантикасын, функциясын изилдөө.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4