Сөз жасоонун тиби

Википедия дан

СӨЗ ЖАСОО ТИБИ[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сөз жасоо тиби сөз жасоонун морфологиялык ыкмасына тиешелүү болуп,туунду сөздөрдү айрым-айрым топторго бириктирүүгө мүмкүндүк берген формалдык-семантикалык түзүлүш схемасын туюндурат.Морфологиялык ык менен жасалган сөздөрдүн ортосунда төмөнкүдөй жалпылыктар сакталат:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1)негиздеринин бир сөз түркүмүнө кириши; 2)тубаса негиз менен туунду негиздин өз ара семантикалык катышы; 3)тубаса негизден туунду негиздин айырмалоочу формалдык көрсөткүчтөрдүн(сөз жасоочу мүчөлөрдүн) жалпылыгы,же бирдейлиги;Маселен:"балалуу","акылдуу","адептүү"деген сөздөр бир сөз жасоо тибине кирет,анткени бул сөздөрдө жогорку үч белги тең сакталган: 1)түпкү негиздери зат атооч (бала,акыл,адеп), 2) баары тең заттык белгинин бар экендигин,же белгилик маанилерди туюнтту, 3)баарына бир мүчө (-луу)уланып турат.Эгерде бул белгилердин кайсыл бири сакталбаган болсо,бир сөз жасоо тибине кирбейт.Мисалы,"балалык","уруктук","айылдык" деген туунду сөздөрдө түпкү негиздери зат атооч, мүчөлөрү да бирдей,бирок маанилик жактан айырмалуу.Сөз жасоо типтери өнүмдүү жана өнүмсүз болушу мүмкүн.[түзөтүү | булагын түзөтүү]