Сөз тыңдоо, сөзгө конок берүү

Википедия дан

Сөз тыңдоо (сөзгө конок берүү). Алмадай башына айкөл “Манасты” бүт батырган Кыргыз Ата сөздү сүйлөй да, уга да билген. Элибизде “куйма кулак” деген бар. Алар саймедирегендер, бирөөлөргө айткандарын дал өзүндөй жеткиргендер. Анын кебин дал өзүндөй кармап калгандар. Күнү-таңы малдашын жазбай айтса да муюбай уккандар. Демек, таңдайынан бал татыра сүйлөгөнөнөр болсо, аны уга билүү андан да өткөн өнөр. Ушул эки өнөр эриш-аркак.


Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. “Кыргыздын көөнөрбөс дөөлөттөрү” Бишкек – 2000 “Шам” басмасы. ISBN 9767-10-030-3