Сөлпүев, Тентимиш

Википедия дан

Сөлпүев, Тентимиш (1936-ж.т., Нарын облусу, Жумгал р-ну, Түгөлсай кыштагы) – геолог, Фрунзе политехника ин-тун бүтүргөн (1959). Түштүк Кыргызстан геол. экспедициясынын партияларында улук коллектор, геолог, улук геолог, башкы геолог (1959-84); Геология-экономикалык изилдөөлөрдүн Кыргыз методикалык экспедициясында отряддын, партиянын начальниги (1984–жылдан). Көмүр кендерин издөөдө чоң салым кошкон. Эки Эмгек Кызыл Туу ордени (1976, 1981) ж-а медалдар менен сыйланган. «Жер казынасынын ардактуу чалгындоочусу» (1980), Кыргыз Республикасынын геол. кызматына эмгек сиңирген кызматкери (1995).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]