Сөөк мөңгүсү

Википедия дан

Сөөк мөңгүсүИчки Теңир-Тоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү.

Фергана тоо тизмегинин түн.-чыгыш капталында, Алабуганын алабында жайгашкан. Уз. 4,1 км, аянты 4,3 км2. Башы 4820 м, этеги 3880 м бийиктикте жатат. Мөңгүнүн 35%тейин мореналар каптап жатат. Ийилген жерлериндеги чөйчөк сымал оёңдорунда бийикт. 200–300 м келген бузулган мөңгүлөр бар. Мөңгүдөн (Сөөктүн башаты) Каракол суусу башталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2