Сөөк (Алайкуунун оң куймасы)
Көрүнүш
Сөөк — Кара-Кулжа районундагы суу, Алайкуунун оң куймасы.
Узундугу 24 км, алабынын аянты 160 км².
Фергана тоо тизмегинин түштүк-чыгыш жана
Алайкуу кырка тоосунун түндүк-батыш капталындагы Сөөк ашуусуна жакын жердеги (бийиктиги 4024 м) мөңгүлөрдөн башталып, тоолу өрөөн аркылуу чыгыштан түштүк-батышты карай агат.
Куралуу областына кирет. Алты куймасы бар. Негизинен кар, мөңгү жана булак сууларынан куралат.
Жылдык орточо чыгымы
1,50 м²/сек, эң көбү
май — июнда, эң азы февралда байкалат.
Боюнда малчылардын
кыштоосу бар.
Колдонулган адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз жергеси. Энциклопедия. Кыргыз ССР Илимдер Академиясы. Башкы редактору М.Борбугулов. Фрунзе-1990ж.