С.Тешеев атындагы орто мектеби

Википедия дан

№34 С.Тешеев атындагы орто мектеби 1965-1966 –жылдары С.М.Киров атындагы 8 жылдык мектеп болуп ачылган. 1981-1982-жылдар орто мектепке айландырылган. 1992-1995-жылдары “Кара-Кечүү” орто мектеби деп аталган. 1995-жылы 2-майда Социалистик Эмгектин Баатыры Сайдилла Тешеевдин аты ыйгарылган. 2015-жылы мектептин жаңы корпусу бүткөрүлүп, окуу жаңы мектепте улантылып жатат. С.Тешеев атындагы орто мектебинин Уставы 2013-жылдын 12-мартында Баткен областык юстиция башкармалыгынын каттоосунан өткөрүлгөн. Каттоо күбөлүгү Сериясы ГПЮ № 0009014. Дареги: Баткен облусу Кадамжай району Орозбеков айыл аймагы Орозбеков айылы, Киров көчөсү 9.

С.Тешеев атындагы орто мектебинин негизги максаты: Келечекте өз алдынча иш алып барууга жөндөмдүү жана өз оюн жамаатка эркин жеткире ала турган жогорку интелектуалдуу инсанды тарбиялоо.

Окуу материалдык база.

С.Тешеев атындагы орто мектебинини имараты 2015-жылы толугу менен бүткөрүлүп, сентябрь айынан иштөөгө берилген. Мектептин жалпы жер аянты 2,5 га, имараттын аянты 2350 м2, ички аянты 2250м2 аянтка барабар. Имарат эки кабаттуу, төрт блоктон турат, типтүү, 21 класс каанасы, актовый залы, спорт залы, китепкана жана ашканасынан турат. Ашканага таза суу тутуштырылган. Жылытуу системасы көмүр менен жылытылат.

Окуу-тарбия иштеринин динамикасы:

Мектеп өзүнүн окутуу тарбиялоо ишмердүүлүгүн 4 усулдук бирикме аркылуу ишке ашырып келе жатат.

    1 Анык илимдер усулдук бирикмеси
    2 Гуманитардык илимдер усулдук бирикмеси
    3 Башталгыч класстар усулдук бирикмеси
    4 Класс жетекчилер усулдук бирикмеси
    

Аталган усулдук бирикмелер ар түрдүү инновациялык ыкмаларды пайдалануу менен иш алып барат.

Педагогикалык кадрлар менен камсыз болушу. Мектепте 29 мугалим иштейт. Алардан категориялык бөлүнүшү төмөндөгүдөй:

  • жогорку категорияда-11
  • биринчи категорияда-4
  • экинчи категорияда-3
  • категориясы жок жаш мугалимдер-11

“Жогорку” жана “Биринчи” категорияга ээ болгон мугалимдердин саны- 15, жалпы жамааттын 52 %тин түзөт. Жогорку билимдүү мугалимдердин саны -28 мугалимдердин 97%тин түзөт.