Таанаев Усуп

Википедия дан
Jump to navigation Jump to search
Таанаев, Усуп
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Усуп Таана уулу
Туулган жылы: 1890-жыл
Туулган жери: Миң-Булак айылы, Тянь-Шань району, Кыргызстан
Өлгөн жылы: 06.06.1969-жыл
Өлгөн жери: Миң-Булак айылы, Тянь-Шань району, Кыргызстан
Өлкө: CCCР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: колхоздун башкармасы

Таанаев Усуп – 1890 (болжол менен) -1969-жж.- Азыркы Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылынын аймагында 1930-жылдары пайда болгон В.В.Куйбышев атындагы алгачкы колхоздун биринчи башкармасы.

Өмүр баянынан кыскача штрихтер[оңдоо | булагын оңдоо]

Усуп нарындык Бугулардын Тынымсейит уруусунан.
Усуп Улуу Ата-Мекендик согушка чейин Куйбышев атындагы колхозду жетектеген.
Андан соң, согуш учурунан тартып пенсияга чыкканга чейин колхоздун жылкы фермасын башкарган.
Беттегенин бербеген өтө көк адам болгондуктан аны "Тажаал Усуп" деп коюшкан, айылдаштары.
Мындан тышкаары, анын үнү өтө жоон болгондуктан "Күркүрөк Усуп" деп да айтышкан.
Усуптун табыпчылык жайы болгон. Тамыр кармап, ноокастагандардын кеселин аныктап, суу ичирип, чөп-чар менен дарылай койгон учурлары бар.

Усуптун бир туугандары жана алардын тукумдары[оңдоо | булагын оңдоо]

Усуп төрт бир тууган. Агасы Таана уулу Баймоңол шариятты өтө жакшы билген билимдүү молдо болгон.Иниси Абдылда өмүр бою айылда иштеген. Жалгыз карындашы Зуура Миң-Булактын Таш-Дөбөсүн байыр алган манап Боокайдын уулу (азыр Боокай уруусу) Молдо Мамбеттин кичүү баласы Солтонкулга турмушка чыккан.
Зуура Солтонкулдан Дүйшө, Муратжан, Муктаркул деген үч уулдуу, Курманжан, Бегимбүбү, Жумабүбү деген үч кыздуу болгон.
Дүйшөнүн уулдары: Жумгалбек Солтонкулов, Мырзабек Солтонкулов, Масмакун Солтонкулов, Малик Солтонкулов.
Баймоңолдун Төлө, Болотбек деген эки уулу болгон. Алар очор-бачарлуу болушуп, уул-кыздары эчак эрезе жетишкен. Төлө менен Болотбектин уул-кыздары бала-бакыра, небере күтүшкөн.
Абдылдадан Асангазы, Үсөнгазы деген эки уул жана алардын укум-тукуму бар.

Усуп менен Сейилман[оңдоо | булагын оңдоо]

Усуптун таеке-тайы Эки-Нарындагы моңолдорлордон болот. Ал 30 жаштан ашканга чейин Эки-Нарында, таятасынын колунда жалчы жүргөн. Жашы отуздан кылтайганда таятасы "эми өз элиңе бар балам. Мобул улуу кызымды - таежеңди берейин" дейт. Усуп таятасына "таята, улуу таежемди эмес, кичүү таежемди алып кетейин" дейт. Ошондо кичүү таежеси Сейилман 12 жашар экен. Таятасы Усупка кичүү кызы Сейилманды берип узатат.
Сейилман жаш кезинде бир окуя болгон экен, Усупту элдин “тажаал Усуп” деп айтып калышына себеп болгон.
Усуп колхозду кыдырып аттанып кетсе, түшкө жетпей Сейилман талып жыгылып, өлүп калат. Кошуна-колоңдору, айылдаштары Сейилманды өлдү дешип, боз үй тигип, жайына алып коюшат.
Бешим ченде Усуп үйүнө кайтып келсе, боз үй тигилип, аялдар үн кошуп ыйлап, эркектер өкүрүп турушкан экен. Эмне болуп кеткенин түшүнбөгөн Усупка Сейилмандын өлгөнүн угузушат. Ошондо Усуп “Эртең менен эле тирүү турган Сейилманым эмнеге өлмөк эле” деп, боз үйгө кирип барып, тартып койгон туш кийизге Сейилманды ороп алып эшикке алып чыгат. Айылдаштары “Баягы Усуптун тажаалдыгы кармады, өлгөн аялын да жөн кобой, эр болсо тирилтип алсын” дешип аны жаман көрүшүп, тарап кетишет.
Ошондо Усуп Сейилманды алдына алып олтуруп алып, көкүрөгүн ушалап, оозуна үйлөп, жылдыз толгонго чейин алпурушат. Жылдыз толгондо “өлгөн” Сейилман көзүн ачат.
Анда да айылдаштары, “Тажаал Усуп өлгөн аялын тим койбой тирилтип алды” деп да жаман көрүшкөн экен, аны.
Ошол жаш кезинде клиникалык өлүмгө дуушар болгон Сейилман 70 жашады. “Өлүп калганын” мындайча эскерээр эле, таенем” дейт Жаныш Кулмамбетов: “Эчак каза болгон туугандарыбыздын бирөө эле мени төөгө мингизип алып кайдадыр алып жөнөдү. Кетип эле баратабыз, кетип эле баратабыз. Бир убакта алдыбыздан каза болгон жакын аталарыбыздын бири атчан чыгып, “Ай, Сейилман, эмне келатасың, биякка, кайт артыңа” деди ачууланып. Көзүмдү ачсам эле Усуп мени туурасынан кучактап олтурган экен”.

Усуптун кызы Калыйпа[оңдоо | булагын оңдоо]

Сейилман 16 жашында, 1926-жылы Усупка кыз төрөп берет. Атын Калыйпа коюшат.
Калыйпа Усуп менен Сейилмандын жалгыз кызы.

Атасы Усупту тартса керек, айтор 14 жашка чыкканда Калыйпанын көзү ачылып, айылда эмне жакшылык-жамындык болсо, ошонун баарын айтып турат. Бирок, колхоздун башкармасы болуп жүргөн Усуп, "кокус совет бийлиги билип калса, Усуптун кызы бүбү болуп кетиптир деп, камап, же сүргүнгө айдап иет" деп коркуп, Калыйпанын көзү ачыктыгын токттоттурат.
Усуптан эркек бала калган жок, жалгыз кызы Калыйпадан башка.
Калыйпаны 18 жашка чыкканда Усуп менен Сейилман айылдашы, уруулашы, Тынымсейиттин белгилүү манаптарынын бири Ысмайыл ажынын тукуму Кулмамбеттин уулу Осмонго беришет.
Ысмайыл ажы Боокайдын уулу, Молдо Мамбеттин бир тууганы.
Осмон менен Калыйпа тогуз баланын ата-энеси болушкан. Ошонун үчөө жерден боорун көтөрө электе эле чарчап калышкан. Калган алтоону өстүрүп, эрезеге жеткиришкен.
Калыйпа 2001-жылы 13-январда көз жумду.

Усуптун тукумдары[оңдоо | булагын оңдоо]

Осмон менен Калыйпанын уулдары: драматург, жазуучу, сынчы, режиссер, котормочу, журналист Жаныш Кулмамбетов менен жазуучу Асанбек Кулманбетов Осмон менен Калыйпанын уулдары, Усуптун жээндери.
Булардан тышкаары Усуптун жээндеринин бири Кулмамбетов Апыш Осмонович үй-бүлөөсү менен ушул тапта Миң-Булак айылында жашайт.