Тааныла, билине элек нерселер

Википедия дан

Тааныла, билине элек нерселер (нем. Ding an sich; англ. thing-in-itself; фр. chose en soi; лат. cosa in se; орус. Вещь в себе) но́умен (грек. νούμενον «жетимдүү» νοέω «жетишем») – 17–18-кылымдарда, объективдүү нерселер биздин аң-сезимибизге баш ийбей жашаса да, ал абсолюттук түрдө таанылып-билинбейт дегенди билдирген философиялык термин, аны жактагандардын ири өкүлү немис философу И. Кант. Канттын идеалисттик тааным теориясы, анын «Таза акыл-эсти сындоо» (1781), «Тажрыйбалык акыл эсти сындоо» (1788), «Ой мүмкүнчүлүгүн сындоо» (1790) эмгектеринде берилген. Канттын ою боюча тааныла билине элек нерселер (орус. «вещи в себе») биздин сезүү органдарыбызга дүүлүктүрүп, белгилүү бир сезимди пайда кылат (бул жерде ал материалист), бирок ал, ошол объективдүү жашаган нерселерди таанып-билүүгө такыр болбойт (бул жерде Кант идеалист жана агностик) деп белгилеген.



Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8