Табак

Википедия дан

Табак – тамак-аш салууга же куюуга колдонулуучу, көбүнчө тегерек формадагы тайпак же чуңкур идиш. Табак алгач жыгач, чопо, фарфор, кийин темир, алюминий, жез (мис), пластмассадан жасалган. Биздин заманга чейинки 1-миң жылдыкта жыгач, чопо Табак пайдаланылган. Жыгачтан (арча, кайын, тал) чабылып, оюлуп же кырылып жасалган. Табак жарылып кетпес үчүн майланган же майлуу сууга (кээде сорпого) салынып, кайнатылып, бышыкталган, отко какталып карартылганы кара табак деп аталган. Кээде табакты майлоодон мурун ага жошо сүртүлүп, көрк берилип, кызартылган, айрым усталар табактын айлана-четине 2–3 сызык (оймо-чийме) түшүргөн. Бул кырбыл же кобуул делет. Жыгач табак сырдалса сыр табак деп аталат. Жыгач табагынын чуңкуру 6–12 см; диаметри 20–40 см болуп, түбү кууш жана тегерек. Көчмөн турмушка байланыштуу жыгач табакты кыргыздар көп урунган. Чопо табак эки түрдүү ыкма менен жасалган: 1) чопо ийленип, кол менен; 2) ийленген чопо калыпка (же дүкөнгө) салынып, оймо түшүрүлүп, отко бышырылып, сырдалып кооздолгон. Булар таш табак же сопол табак делген. Чопо табакты даярдоонун технологиясынын өркүндөтүлүшүнө байланыштуу биздин замандын 6–10-кылымында фарфор табак пайда болгон. Азыр атайын өнөр жай ишканаларында табак ар кыл материалдардан (цинктелген калай, алюминий, пластмасса) жасалат. Бишкектеги «Кыял» бирикмеси карападан сувенир табак чыгарат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]