Табалдиева Нуржамал

Википедия дан

Табалдиева Нуржамал [1952-жылы туулган, Фрунзе областы, Калинин району (азыркы Чүй областы, Жайыл району) Орто-Суу айылы – ырчы-аткаруучу.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1992), Кыргыз Республикасынын эл артисти (2010). Даңк медалынын ээси (2021).

Б. Бейшеналиева атындагы КМИИнин маданий-агартуу факультетин бүтүргөн. 1969-жылдан Т. Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында солист. Филармониянын алдындагы студияда (Д. Жалгасыновадан) окуган. Адегенде К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде ырдап жүрүп, кийин комуз үйрөнүп, анын коштоосунда ырдайт. Табалдиеванын кең диапазондуу коңур үнү чыгармачылыгынын өсүшүнө кеңири жол ачкан. Негизинен М. Өмүрканованын репертуарындагы ырларды аткарат. Аткарган ырлары: «Алымкан» (обону Б. Эгинчиевдики), «Кызыл гүл», «Жүрөгүмдөн» (элдик ыр), «Катка жооп», «Гүлжан», «Жаштын ыры» (Т. Тыныбеков), «Таалайлуу элдин бир кызы» (элдики), «Колхоздогу курбума», «Колхозчунун күйгөнү», «Карындаш», «Акбермет» (М. Өмүрканова). Ал М. Рыскулбеков, 3. Иманалиев, С. Жумалиев өңдүү обончулардын ырларын («Жүрөк дарты», «Агажан», «Каалайм сага», «Апакебай», «Ардагым сен» ж. б.) да аткарат. Япония, Швеция, Швейцария, Бельгия, Франция, Тунис, Вьетнам, Камбожа, Лаос ж. б. өлкөлөрдө гастролдо болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]