Мазмунга өтүү

Табалдиев Акмат

Википедия дан

Табалдиев Акмат (1. 8. 1936, Сокулук району Асыл-Баш кыштагы -2004, ошол эле жер) - эл агартуунун отличниги (1980).

Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн (1960).

Эмгек жолун 1960-ж. Ош (учурда Жалал-Абад) облусунун Жаңы-Жол (Аксы) районундагы Афлатун (Авлетим) орто мектебинде мугалим болуп баштаган. 1963-69-жылдары Сокулук районунун Белогорка, Октябрь мектептеринде, 1969-75-жылдары Суусамырдагы «Кызыл-Ой» орто мектебинде, 1975-82-жылдары Суусамыр жатак-мектебинде, 1982-жылдан 1996-жылга чейин Чүй районундагы «Кызыл-Суу», Сокулук районундагы «1-Май» орто мектептеринде директор болуп эмгектенип келген.

Иштеген мектептерин кабинеттик системага өткөрүп, окутууда жаңы методдор менен окутуунун ыкмаларын колдонуп, райондогу начар мектептерди алдыңкы орундарга алып чыгып, коомдук иштерге да активдүү катышкан. Райондук партиялык комиссиянын, райОНОнун Советинин туруктуу мүчөсү болуп келген. Москвада өткөн Бүткүл Союздук мугалимдердин съездинин 2 жолку, РСФСРдин мугалимдеринин съездинин 1 жолку, Кыргызстан мугалимдеринин съездинин 2 жолку делегаты.

КПСС БКнын, СССР Министрлер Советинин, ВЦСПСтин жана ЛКЖС БКнын көптөгөн Ардак грамоталарынын, баалуу сыйлыктардын ээси. Чал уруусунан.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9