Табалдиев Бектуруш Салмагани

Википедия дан

Табалдиев Бектуруш Салмагани - акын.

Бектуруш Салгамани (Табалдиев) Ноокат районуна караштуу Эски-Ноокат айылында 1957-жылы 31-декабрда туулган. Мектепти бүткөндөн кийин Ноокат райондук социалдык камсыздоо бөлүмүндө иштеген.
1982-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун «Мугалимдер газетасында» кабарчы болуп иштөөдөн баштап, кийин бөлүм башчы, «Жаш ленинчи» журналында жооптуу катчы, редактордун орунбасары болгон.
Кыргызстанда кыргыз жана түрк тилинде чыгуучу «Zaman Кыргызстан» гезитин негиздеген.
1988-жылдан Жазуучулар союзунун мүчөсү.
2008-жылы «Роман-гезит» китеби КР Жазуучулар союзунун Алыкул Осмонов атындагы сыйлыгына татыктуу болгон.

Жарык көргөн китептери

Үчүнчү коңгуроодон кийин: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1985. – 24 б.

5 убак намаз: Диний колдонмо курал. – Б.: Кооператив «Билим», 1992. – 23 б.

Алыскы жылмаюунун жарыгы. – Б.: Бийиктик, 2004. – 100 б.

Роман-гезит: Роман. – Б.: Алтын кыз, 2006. – 210 б.

КОТОРМОЛОРУ

Ислам дини деген эмне?: Диний окуу курал. – Б.: Кооператив «Билим», 1992. – 32 б.