Табигый добуш катары
Табигый добуш катары, обертондук катар - негизги тондордон жана ага үндөш кошумча добуштардан турган добуш катары.
Негизги тон добуш булагынын (тартылган кылдын, үйлөмө аспаптын түтүгүнүн ичине камалган абанын ж. б.) термелүүсүнөн пайда болсо, ал эми кошумча үндөштүктөр алардын тең жарымга, үчкө, төрткө ж. б. Бөлүнүп кошо термелүүсүнөн жаралат. Табигый добуш катары добуш булактарынын ички өзгөчөлүктөрүн чагылдырат. Табигый добуш катары добуш аралыктарынын, добуш бийиктик катнаштарынын татаалдыгын, чыңалыш өзгөчөлүгүн (мис., унисон менен октава алардын бирдейлигин, квинта жана кварта алардын эң жакындыгын, терция менен секста алардын жумшак, угумдуулугун, секунда менен септима андагы чыңалышты, карама-каршылыкты ж. б.) мүнөздөйт.
Табигый добуш катары 1636-37-жылдарда М. Мерсен тарабынан ачылып, мүнөздөлүп жазылган
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.