Табигый кырсыктар

Википедия дан

Табигый кырсыктар — капысынан болуп, адам баласынын аракетине баш ийбеген табияттын алаамат кубулуштары (жер титирөө, суу каптоо, цунами, жанар тоонун атылышы, сел, көчкү, катуу бороон же куюн пайда кылуучу циклондор, токойдон жана чым көңдөн чыккан өрт, кар жана жер көчкү жана башкалар). Айрым табият кырсыктары (өрт, уроо, жер көчкү жана башкалар) адамдын иш-аракетинен болушу да мүмкүн. Табигый кырсыктардан өлүм-житим, материалдык чыгым болот. Жер титирөө - негизинен тектоникалык кыймылдын таасиринен пайда болуп, анын күчү 12 баллга чейин. Эл аралык сейсм шкала боюнча аныкталат. Бир балл болгон жер титирөөнү сейсм аспаптары гана сезет, ал эми 6—7 жана андан жогорку балл кыймыл адамдын ден соолугу менен жашоосуна коркунуч туудурат. Эң катуу (11 —12 балл) жер титирөөдө жер бетинде чоң-чоң жаракалар кетип, көчкү жүрөт; дарыяларда шаркыратмалар пайда болуп, курулуштар бүт урайт. Жер титирөөдөгү өлүм-житим, материалдык зыян көбүнчө имараттардын урашынан болот. 1948-ж. октябрда Ашхабад шаарында жер титиреп, 20 сек ичинде шаардын басымдуу бөлүгү урап, өлүм-житим көп болгон. 1966-ж. Ташкендеги жер титирөө бир нече суткага созулган. 1988-ж. 7-декабрда Армениядагы жер титирөө көптөгөн өлүм-житим, материалдык чыгымга дуушарлантты. Кыргызстандын аймагында акыркы 100 жыл ичинде күчү 6 баллдан ашкан жер титирөөлөр: Ак-Сууда (1885), Челекте (1889), Кеминде (1911). Акыркы жылдардагы катуу жер титирөөлөр Сары-Камышта (1970), Дароот-Коргон, Жылаңач-Түп (1978) жана башкалар болгон. Катуу жер титирөөдө имараттан тез арада чыгып кетүү, ага жетишпей калса эшиктин босогосуна, терезелердин оюгуна тура калуу керек. Эгер сыртта болсо, урандынын астында калбас үчүн имараттардан алыс кетип, кенен көчөгө, аянтка, спорт аянтчасына, ачык жерлерге тез жетүүгө аракеттенүү зарыл. Өндүрүштө иштегендер муктажсыз урандыларды аралап жүрүүгө, ураган имараттарга жана курулуштарга кирүүгө, коопсуздандыруучу каражатсыз (карабин, жип, белдөө жана башкалар) бийиктикте иштөөгө, турак жайлардагы газдын чыгышын күйгүзүп текшерүүгө, электр зымын жана ага тийип калган металл буюмдарын резина кол капсыз кармоого тыюу салынат. Урандыда калган адамдарды кылдаттык менен алгач башын, анан көкүрөгүн бошотуу керек. Жер титирөөдө көбүнчө баш травмага учурайт, кол-бут муундан чыгып же сынып кетет, ошондой эле көкүрөк, жумшак ткандар жабыркап, кан куюлуп же жараат алып, топурак менен булганат. Өрт коштогон жер титирөөдө күйгөн (к. Күйүк), ошондой эле нерв-психикалык ооруга чалдыккан адамдар да арбын кездешет.Табигый кырсыктардын кыйраткыч күчтөрүнө кабылган аймак табигый кырсыктардын очогу деп аталат. Анын очогу табигый кырсыктардын масштабына жараша өлчөмү, формасы жана мүнөзү боюнча айырмаланат. Табигый кырсыктардын бир нече кыйраткыч күчү (мисалы, жер титирөө, катуу шамал) бир маалда жүрсө имараттар гана талкаланбастан, жээкке жакын тилкени суу каптап, электр өткөргүч зымдардын бири бирине тийишинен өрт чыгып, уу заттардын чыгышынан адамдар ууланышы мүмкүн жана башкалар Өрт учурунда адамдар күйүктөн жана травмадан тышкары ууланышы да мүмкүн. Айрым учурда чала күйгөн нерселер (мисалы, ис газы) абадагы кычкылтек менен кошулуп күйүүчү жана жарылып кетүүчү аралашмаларды пайда кылат. Өрт зонасында калган жана аны өчүрүү үчүн аракеттенген адамдар үчүн атайын эрежелер кабыл алынган. Ал эрежелер сакталса, адамдын организми жогорку температурадан, түтүндөн, күйүктөрдүн уулуу жыттарынан аз жапа чегет. Күйүп жаткан имарат аркылуу өтүүдө башты суу одеяло, тыкыс кездеме же сырт кийим менен чүмкөп алуу зарыл. Түтүнгө толгон үйдүн эшигин акырын ачуу керек, эгер эшик шарт ачылса сырттан кирген аба жалынды күчөтүп жибериши ыктымал. Адамдын үстүндөгү кийим күйсө ал чуркабаш керек; ага одеяло, пальто же оор кездеме жабуу зарыл. Эгер электр зымынын изоляциясы күйүп кетсе, анда ток бар же жок экендиги текшерилет. Мындай учурда электр тогун өчүргөндөн кийин гана (пробканы бурап, рубильникти басып) өрттү токтотууга аракет жасалат. Үйдөн, квартирадан чыккан чакан өрттү суу чачып же нымдалган нык кездеме менен жаап өчүрүү ылайык. Күйүүчү суюктук өрттөнгөндө өрт өчүргүч аркылуу көбүк менен кум же топурак чачып өчүрүлөт. Суу ташкыны — кар, мөңгү тез эрип, дарыя суусу кирип, көлмөлөрдүн (көл, деңиз жана башкалар) деңгээлинин көтөрүлүшүнөн, ошондой эле нөшөрлөгөн жаан-чачында, дарыя нуктарын муз агындылары бөгөп калышынан жер бетин убактылуу суу каптап, кыян жүрүү. СССРдин ири дарыяларында жыл сайын кардын эришинен жана нөшөрдөн суу кирип, ташкын болот. Айрыкча табигый тоскоолдуктар (суу нугунун куушташы, кескин имерилиштер, таштуу бөгөттөр, үйөр жана башкалар) көп кездешкен дарыялар тез-тез ташкындап турат. Сел — тоо сууларынын нугунда капысынан пайда болгон баткак жана баткак-таштуу агым. Анда кум, таш, чопо сыяктуу тоо тектер арбын болот. Сел нөшөрлөгөн жамгырдан, мөңгү же кардын тез эришинен жана көпшөк кесек материалдардын нукка топтолуусунан жаралат. Сел толкун-толкун болуп, 10 м/секга чейин жана андан да жогорку ылдамдыкта көптөгөн чопо, шагыл, чоң таштарды агызып, жолундагы нерселерди талкалап кетет. 1921-ж. Кичи Алматы суусунун өрөөнү менен төмөн карай сел жүрүп, Алматы шаарына 1,5 млн/м3 баткак, кум-шагыл, тоо тек сыныктарын агызып келген. Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталдарында (1952-ж. Ысык-Ата, 1953жана 1970-ж. Ала-Арча капчыгайларында), Фергана өрөөнүн курчаган тоолордун капталдарында (айрыкча Базар-Коргон, Сузак, Совет жана башкалар райондордун аймактарында) сел көп жүрүп, чарбага зыян келтирүүдө. Суу каптоодо (кыянда) сууга чөгүү, кол-бут жана тулку жабыркоо, өпкөнүн сезгениши, үшүккө алдыруу, өнөкөт оорулардын кармашы, жүрөк-кан тамыр, нерв-психикалык жана жугуштуу оорулар жана башкалар күчөйт. СССРдин суу ташкыны жүргөн аймактарында республикалардын Министрлер Советинин жана Эл депутаттар советтеринин аткаруу комитеттеринин чечимдери боюнча жыл сайын суу ташкынына каршы атайын комиссиялар түзүлүп, алар суу ташкынынан элди, калктуу пункттарды, эл чарба тармактарын сактап калуу чараларын иштеп чыгат. Суу ташкыны болорун алдын ала айтуунун да мааниси зор. Мисалы, 1969-ж. эрте жазда Орто Азия дарыяларында жайында суу көп кирип, ташкын болору кабарланган. Натыйжада суу ташкынына каршы чаралар өз убагында жүргүзүлүп, адистердин эсеби боюнча зыянга учуроочу 1 млрд сомдук байлык сакталып калган. Медөө өрөөнүндө курулган бийик бөгөт Алматы шаарын кыйраткыч селден сактап турат. Циклондор — аба катмарынын куюн сымал сыртынан ичин көздөй тегеренип жылышы. Циклон өтө ири масштабда жүрүп, түндүк жарым шарда саат жебесинин багытына каршы, түштүк жарым шарда саат жебеси боюнча айланат. Аба басымы анын борборунда эң төмөн болуп, чет-жакаларын карай жогорулайт. Тропиктик циклон эң коркунучтуу, анткени ал өзү менен кошо бороон- чапкындуу катуу шамалды (анын күчү Бофорот шкаласы боюнча 9—12 баллга, ылдамдыгы 70 м/сек жетет), жаан-чачындуу (суткасына 1000 лциден ашык) добул алып келет. Түштүк-Чыгыш Азияда тропиктик циклон, тайфун, Кариб деңизинин аймагында ураган (катуу бороон) деп аталат. Добулдуу булутта көбүнчө түркүк сымал атмосфералык куюн пайда болот да, жер бетине чейин таралат. Анын диаметри деңиз мейкиндигинде ондогон мге, кургактыкта жүздөгөн мге жетет. Мындай куюн смерч же тромб деп аталат. Саат жебесине каршы 100 м/секта чейинки ылдамдыкта спираль түрүндө айланып жылат. Жер бетине жетсе жолундагы нерселерди кыйратып, өзүнө тартып алат да, 40—60 кмге чейин учуруп барып таштайт. Куюн өзү менен кошо добул, нөшөрлөгөн жамгыр, мөндүр алып келет. Эгерде катуу бороондун болору алдын ала кабарланса, колдо болгон сыйынт-коргонч (убежище), подвал, жер кепелер камдалат. Ал эми алар жок болуп, убакыт жетишсе жөнөкөй баш калкалоочу жайларды куруу зарыл. Бороон башталганы кабарлангандан кийин өндүрүштөн сырткаркы жайлардын ишин токтотуп, катуу шамалдан зыянга учуроочу жабдууларды бекемдеп бекитип, баш калкалоочу жайларга кетүү керек. Кыргызстанда табигый кырсыктардан жапа чеккендерге медициналык жардам берүү, аларды эвакуациялоо жана дарылоо чараларын мамлекет уюштуруп, материалдык жактан камсыз кылат; ал саламаттык сактоонун каражаттары аркылуу ишке ашырылат. Биринчи кезекте граждандык коргонуунун медициналык кызматындагы курамдар аракеттенет. Тез куткаруу, калыбына келтирүүчү иштерге жетекчилик кылуу, табигый кырсыктар болгон аймакта калктын жашоо турмушун жана аракетин калыбына келтирүү боюнча кеңири укук берилген өкмөттүк комиссия түзүлөт. Тез куткарып, калыбына келтирүү иштеринин системасындагы медициналык куткаруу кызматы адатта Табигый кырсыктардын очогуна чалгын жасоо, жапа чеккен адамдарды издеп таап куткаруу, аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, дарылоочу мекемелерге жөнөтүү, санитариялык кароодон өткөрүү, дарылоо чараларын камтыйт. Медициналык куткаруу иштерине табигый кырсыктардын очогундагы эмгекке жарамдуу адамдар, граждандык коргонуунун курамдары, жапа чеккен аймактардагы инженердик каражаттар, зарыл убакта Аскер күчтөрүнүн бөлүкчөлөрү жана бөлүктөрү, өлкөнүн башка райондорундагы түрдүү уюмдар тартылат. Алгачкы медициналык жардамга травма алган жеринде өзүнө жана өз ара жардамдашуу (к. Биринчи жардам, Кан агуу, Иммобилизация, Жасалма дем алдыруу, Жүрөк массажы) кирет. Кийин адатта негизги отряддар (команда, топ) менен бирге же алардын составында аракеттенген санитариялык дружина жардам берет. Жапа чеккендер алгачкы медициналык жардамды алгандан кийин жараатынын оордугуна же жеңилдигине карабай жакынкы дарылоочу мекемеге же Граждандык коргонуунун медициналык кызматы уюштурган кырсык болгон жердеги алгачкы медициналык жардам берүүчү отрядга жөнөтүлүшү зарыл. Кырсыктан жеңил жапа чеккендер жөө, ал эми орто жана оор жарадарларды транспортко (көбүнчө санитариялык) салып, сан-дружинниктердин коштоосу менен жөнөтүлөт. Жапа чеккендерди куткаруу боюнча иш жүрүп жаткан райондон анча алыс эмес жайгашкан алгачкы медициналык жардам берүүчү отряддарга жана сакталып калган дарылоочу мекемелерде жапа чеккендерди кабыл алуу жана медициналык ылгоо жумуштары жүргүзүлүп, анда алгачкы врачтык жардам берилет, оорулуулар менен психикасы жапа чеккендер өзүнчө бөлүнүп жаткырылып, дарылоочу мекемелерге жиберүүгө кам көрүлөт. Нерв-психикалык бузулуунун алдын алууда ар кандай ушактарды жана ой-санааларды жокко чыгарган информациянын мааниси зор. Жапа чеккендерди өткөн кырсыктын элестеринен алаксытуу максатында аларды пайдалуу иштерге тез тартуу зарыл. Кырсык болгон жерде санитариялык абалдын төмөндөшүнөн эпидемиялык оорулар (негизинен ичеги-карын) пайда болуп, күчөп кетиши мүмкүн. Ошондуктан ал жерде медициналык жардамдан сырткары саламаттык сактоонун жергиликтүү органдары жана граждандык коргонуунун медициналык кызматынын курамдары жүргүзгөн эпидемияга каршы жана санитария-гигиеналык чаралардын да мааниси зор. Бул чаралардын натыйжалуулугу калктын жеке жана коллективдүү гигиенаны сактай билүүсүнө, ошондой эле жугуштуу оорулардан сактануусуна түздөн-түз байланыштуу. Эгер табигый кырсыктардын болору алдын ала билдирилсе, ага каршы чаралар көрүлсө, ошондой эле калк кабардар болсо, кырсыктын зыяны алда канча жеңил болор эле. Азыркы мезгилде айрым өлкөлөрдө кырсык болорун жана анын зыяндарын алдын ала билүү ыктары боюнча ургаалдуу изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Визуалдык байкоо, космостон сүрөткө тартуу, температуралык, аба ырайынын, географиялык жана башкалар шарттарды эске алууну, алардын коэффициенттерин жалпылоонун негизинде чыгарылган комплекстүү көрсөткүчтөр боюнча токойдон чыккан өрттү алдын ала айтуу кеңири колдонулууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/ Башкы ред. Борбугулов М. Б.;
  • Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8