Табигый кычкылдар

Википедия дан

Табигый кычкылдар, оксиддер-минералдар классы; химиялык элементтердин, негизинен металлдардын кычкылтек менен табигый бирикмелери. Айрым маалыматтарда ЗООдөй минералы белгилүү деп берилет. Эң кеңири таралгандары Si, Fe, Мп, А1дин оксиддери. Көпчүлүк табигый кычкылдар иондук, айрымдары (Si, As, Se, Те, Cu, Pb, Zn, Sn, Hg, Cd, In, Bi жана Sbдин кычкылдары) коваленттик байланыштагы бирикме болуп саналат. Адатта табигый кычкылдар классына табигый гидроксиддер (гидроксил тобу) жана оксигидраттар (бир эле учурда курамында О2- жана ОН бар бирикмелер) да киргизилет. Табигый кычкылдар жөнөкөй жана татаал болуп бөлүнөт. Жөнөкөй табигый кычкылдардын курамында катиондордун бир гана кристаллдык-химиялык сорту кездешип, RO, R203, R02 сыяктуу бирикме болуп эсептелет. Мисалы, кварц, корунд, гематит, рутил, касситерит, пиролюзит, уранинит, бадделеит ж. б. Курамында катиондордун бир нече кристаллдык-химиялык сорту болсо татаал табигый кычкылдар деп аталып, АВ03, АВ204, АВ206, АВ1В20 сыяктуу формулага ээ болушат. Алар: магнетит, хромшпинелиды, шпинель, ильменит, вольфрамит, колумбит-танталит, пирохлор-микролит, перовскит, лопарит ж. б. Көпчүлүк табигый кычкылдардын структураларынын негизин О2- жана ОН- иондорунун абдан тыгыздалган гексагон же куб байланышы (упаковкасы) түзөт. Структуралары – координациялуу, чынжыр сымал, каркастуу, чанда жалкы жана кабатчалуу. Сульфиддерге салыштырмалуу көпчүлүк табигый кычкылдарын тыгыздыгы төмөн, катуулугу жогору. Табигый кычкылдар жер кыртышынын массасынын 17%тейин түзөт. Минерал пайда болуу процесстеринин бардыгына катышат. Табигый кычкылдардын көбү – маанилүү кен таш.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]