Табигый чечим

Википедия дан

Табигый чечим (Көрсөтмө) -Феноменологиянын түшүнүгү катары катардагы адамдардын нукура турмушунда болчу дүйнөгө «табигый» мамилени туюндурат. Табигый чечим бардык адамдар үчүн дүйнө дайыма жана түбөлүк болуучу, бардыгын бирдей курчап туруучу жалпылык дегенди туюндурат. Дүйнө - сөзсүз болуп туруучуу кубулуш катары туруктуулугу жагынан эч шек туудурбайт да, тажрыйбанын түздөн түз жана эркин кеңири жайылышы менен тикеден тике кабыл алынып, түшүнүө турган дүйнөгө айланат. Табигый чечим түшүнүгү табият кубулуштарынын, жаныбарлар менен заттарды гана эмес, социалдык – тарыхый мүнөздөгү кубулуштарды да камтыйт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004