Табиятты коргоо

Википедия дан

Табиятты коргоо – антропогендик таасирден келип чыккан экологиялык терс кесепеттерди мүмкүн болушунча азайтууга багытталган эл аралык, мамлекеттик программалар жана конкреттүү долбоорлор аркылуу иш алып барган саясий, укуктук, административдик-чарбалык, инженердик ж. б. иш-чаралардын жыйындысы; жандуу (өсүмдүк, жаныбарлар дүйнөсү) жана жансыз (топурак, суу, атмосфералык, кен байлык, климат ж. б.) табиятты коргоо, сарамжалдуу пайдалануу жана калыбына келтирүү боюнча иш чара комплекси. Табиятты коргоо – айлана-чөйрөдөгү өзгөрүүлөр менен тыгыз байланышкан жаратылышты пайдалануунун курамдык бөлүгү. Ага биотүрдүүлүк (флора, фауна ж. б.), кен байлыктар, атмосферанын жана суунун тазалыгы ж. б. кирет. Табиятты коргоонун максаты – айлана-чөйрөнүн физикалык, химиялык, биологиялык көрсөткүчтөрүн тиричиликке ылайык шартта сактоо. Жердин айрым аймактарынын калыбына келбөөчү өзгөрүүлөрү адамдын ири масштабдагы терс чарбалык иш-чараларына байланыштуу келип чыгууда. 20-кылымдын ортосундагы өнөр жайдын ылдам өнүгүшү, дүйнө элинин, анын ичинде шаар калкынын тез темпте өсүшү ж. б. табиятка өз таасирин тийгизип, табигый ресурстардын азайышын күчөтүп, айлана-чөйрөнүн жана бүтүндөй биосферанын өтө булгануу коркунучун пайда кылууда. Натыйжада, табиятты коргоо глобалдык проблемага айланды. 20-кылымдын (16-кылымдан тарта) 2-жарымында омурткалуулардын 250дөн ашык түрү жана түркүмчөлөрү, ал эми 1980-жылдардын башынан орто эсеп менен күнүнө 1 түр, өсүмдүктөрдөн болсо жумасына 1 түр жоголууда. Сүт эмүүчүлөр менен канаттуулардын 1000ге жакын түрү (негизинен тропик токойлорун мекендеген) тукум курут болуу алдында турат. Жылына 1 млрд тонна шарттуу отун жагылып, атмосферага 100дөгөн млн т азот, күкүрт, көмүртек оксиди, ошондой эле күл, чаң бөлүнүп чыгат. Топурак менен суу турак жай, өнөр жайдан иштелип чыккан булганыч суулар, нефть продуктулары, минералдык жер семирткич, пестицид, оор металл, радиоактивдүү таштандылар менен булганып келүүдө. Жердин озон катмарынын бузулуу коркунучу туулуп, биосферанын өзүн-өзү тазалоо мүмкүнчүлүгү күндөн-күнгө азайып барууда. Айлана-чөйрөнүн көзөмөлсүз өзгөрүшүнүн натыйжасында, тирүү организмдердин (адамдын ж. б.) тиричилигине кооптуу жагдайдын түзүлүшү табиятты коргоодо чечкиндүү чараларды көрүп, табигый ресурстарды пайдаланууда укуктук нормаларды жөнгө салуунун зарылдыгын аныктады. Ага калдыксыз технологияларды, тазалоочу жайларды түзүү, пестициддерди колдонууну жөнгө салуу, уулуу химикаттарды өндүрүүнү токтотуу, жерлерди рекультивациялоо, ошондой эле корголуучу аймактарды (корук ж. б.) түзүү ж. б. кирет. Бул иш-чаралар табиятты коргоо нормалары бузулган учурда жоопкерчилик тартуу жагы жер, токой, суу ж. б. мыйзамдарда каралып, көрсөтүлгөн. Айрым өлкөлөрдө өкмөт кабыл алган Табиятты коргоо программаларына ылайык, кээ бир аймактарда айлана-чөйрөнүн тазарганы байкалган. Эл аралык масштабда ар кандай эл аралык уюмдарды (Табиятты коргоонун бүткүл дүйнөлүк союзу, ЮНЕП, «Адам жана биосфера» ж. б.) түзүү менен табиятты коргоонун айрым проблемалары боюнча БУУнун айлана-чөйрө жөнүндөгү программасы иштейт. Кыргызстанда табиятты корголуучу резерват (Ысык-Көл биосфералык резерваты), улуттук табият парктары (Ала-Арча, Чоң Кемин, Каракол ж. б.), табият парктары (Беш-Таш, Кара-Шоро, Кыргыз-Ата), коруктар (Беш-Арал, Сары-Челек, Кара-Тал – Жапырак, Сары-Чат – Ээр-Таш, Нарын), заказниктер (Ат-Башы, Кара-Суу, Токмок ж. б.) бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]