Табиятты пайдаланууну башкаруу

Википедия дан

Табиятты пайдаланууну башкаруу – табигый ресурстарды туура пайдалануу жана өндүрүү, айлана-чөйрөнү коргоо, ошондой эле экологиялык- экономикалык мамиледе мыйзамдуулукту камсыздоо боюнча мамлекеттик иш-чара. Табиятты пайдалануунун башкаруу башкы органы – табигый чөйрөнү жана жаратылыш ресурстарын коргоо министрлиги (Беларуссияда ж. б.). Анын методдоруна мыйзам чыгаруу, административдик чаралар, экономикалык (анын ичинде мамлекеттик кыстоо, лицензиялоо, нормативдештирүү, аудит), экологиялык иш-чараларды аткаруу кирет. 2 принциптин (тармактык жана аймактык) негизинде иш жүргүзөт. Аймактык принцип облустук, райондук ж. б. жергиликтүү башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик экологиялык программалар жана табиятты коргоо иш-чараларынын негизинде жүзөгө ашат. Тармактык башкаруу ишкананын өзүндө тийиштүү норма жана стандарттарга ылайык жүргүзүлөт. Бирок, Кыргызстанда мындай иш-чаралар Өзгөчө кырдаалдар жана экология министрлиги тарабынан көзөмөлдөнүп турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]