Мазмунга өтүү

Табылга

Википедия дан

Табылга — кимдир-бирөө жоготкон буюмду таап алуу. Таап алган адам (жарандык мыйзамдар боюнча) анын ээси болуп калбайт. Ал таап алары менен, ал тууралуу буюмду жоготуп ийген адамды, же анын ээсин, болбосо ал буюмду алууга акысы бар жана аны тиги адамга кайтарып берүүчү өзүнө белгилүү адамды токтоосуз кабарландыруусу тийиш. Эгер буюм жайдын ичинде же унаада табылса, ал жайдын (унаа каражатынын) ээсимин деген адамга өткөрүп берилүүгө жатат. Табылга өткөрүлүп берилген адам буюмду таап алган адамдын укугуна ээ болот жана жоопкерчилигин тартат. Эгер табылган буюмду кайтарып берүүнү талап кылууга акылуу адам, же анын турган жери белгисиз болсо, буюмду таап алуучу Т. тууралуу милицияга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына билдирүүгө милдеттүү. Таап алган адам Т. өзүндө сактоого, болбосо милицияга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына өткөрүүгө акылуу. Буюмду таап алуучу аны атайылап же одоно абайсыздыктан жоготуп ийсе, буюмдун баасынын чегинде жоопкерчилик тартат. Эгер милицияга же өз алдынча башкаруу органына табылга тууралуу билдирилгенден кийин үч айдын аралыгында жоголгон буюмду алууга акылуу ээси аныкталбаса, же таап алуучуга, болбосо ички иштер органына же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына өз укугу тууралуу билдирип, эчким кайрылбаса, анда таап алуучу ага ээ болуп калат. Эгер буюмду таап алуучу таап алган буюмга ээ болуудан баш тартса, ал коммуналдык муниципалдык менчикке өтөт.

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7