Тагаев, Калыйбек

Википедия дан
Тагаев Калыйбек

Тагаев Калыйбек - обончу, композитор Ат-Башы районунун Бирлик айылында 1940-жылы 14-апрелде туулган. 1961-жылы Каракол педагогикалык институтунун музыка бөлүмүн аяктаган. 1961–1962-жж. Ат-Башыдагы Ленин атындагы №1 мектепте мугалим, 1963–1969-жж. Нарын музыкалык драма театрында артист, бөлүм башчы болуп иштеп, 1970–1974-жж. Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун теория жана композиция бөлүмүндө окуган. 1974-жылдан Республикалык эл чыгармачылык борборунда жетектөөчү адис болуп иштеген. Кыргыз эл артисти, обончу жана композитор Калыйбек Тагаев 80 жаш курагында оорудан улам 2020-жылдын 16-сентябрында дүйнөдөн кайткан. Анын сөөгү Бишкек шаарындагы "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.

Б.Жакиевдин “Миң кыял” драмасында түрмө башчысынын, Э.Токтогуловдун “Бир короонун кишилери” драмасында Эркинбектин, Т.Абдумомуновдун “Кара көлөкө” драмасында тентек баланын ролдорун аткарган. М.Тойбаевдин “Талаа гүлдөрү”, Э.Токтогуловдун “Ак куулар көлдө термелет”, Ч.Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” аттуу спектаклдерине музыка жазган.

120дан ашык обондордун автору. Обончулардын республикалык кароо-сынагынын 7 жолку жеңүүчүсү. Анын 60ка жакын обондору Кыргыз радиосунун Алтын казынасына жазылып алынган. 1992-жылы «Кыргыз Республикасынын эл артисти», 1997-жылы “Кыргыз Республикасынын эл артисти” наамдары берилген.

Аткарылып жүргөн чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Ак куулар көлдө термелет» с. Э.Токтогуловдуку
  • «Ат-Башым» с. К.Тагаевдики
  • «Гүлдөгөн колхоз аймагы» с. Б.Абакировдуку
  • «Долон» с. Ж.Шералиевдики
  • «Жаныбарым, Гүлсарым» с. Э.Токтогуловдуку
  • «Жаштык ыры» с. Т.Шамшиевдики
  • «Көл баяны» с. Э.Токтогуловдуку
  • «Күттүм сени» с. К.Тагаевдики
  • «Кыялдануу» с. А.Осмоновдуку
  • «Назгүлүм» с. Э.Токтогуловдуку
  • «Сагынуу» с. Б.Курманкуловдуку
  • «Сагыныч ыры» с. Т.Кожомбердиевдики
  • «Сиз кайдасыз» с. Б.Абакировдуку
  • «Таалайым сенде» с. С.Шимеевдики
  • «Таалайымдын гүлү сен» с. Т.Самудиновдуку
  • «Ысык-Көл» с. О.Султановдуку
  • «Эльмира» с. К.Тагаевдики
  • «Эмгек шаңы» с. Э.Токтогуловдуку ж.б.

Дисктери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Долон (Ж.Шералиев) – С.Чечейбаева, Назгүлүм (Э.Токтогулов) – Г.Мамашева, Элмира – З.Шакеева, Ат-Башым – Г.Момушева. Кыргыз ырларынын антологиясы, МОНО М 3035859-60 005.

Ноталуу китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Долон: Обондуу ырлар. – Ф., 1983.
  • 100 кайрык: Обондуу ырлар. – Б., 2003.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын обончулары.Маалымдама/Кыргызпатент/ Түз.: А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: Кыргызпатент, 2010. – ISBN 978-9967-26-120-4