Тагаев Абдужапар

Википедия дан

Тагаев Абдужапар (31. 3. 1953-ж. т., Ош областы, Өзгөн району, Жыланды айылы) - коомдук жана мамлекеттик ишмер.

КРдин байланыш тармагына эмгек сиңирген кызматкер (1997), КРдин илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2004). Москва электротехникалык байланыш институтун (1975), Москвадагы Жетекчи кызматкерлердин билимин өркүндөтүү боюнча тармактык институтун (1985), СССР Министрлер Советине караштуу Эл чарба академиясын (1990) бүтүргөн. Кыргыз ССР байланыш министрлигинин Фрунзе шаардык телефон тармагынын инженери (1975-77), Рыбачье шаарынын байланыш түйүнүнүн башкы инженери (1977-80), Фрунзе шаардык телефон тармагынын директорунун орун басары (1980-83), Кыргыз ССР байланыш министрлигине караштуу «Кыргыз байланыш-курулуш» трестинин башкы инженери (1983-89), КР байланыш министринин 1-орун басары (1989-95), КР байланыш министри (1995-96), КР транспорт жана коммуникация министринин 1-орун басары (1996-98), Ош (1998-99), Балыкчы (1999-2000) шаарынын мэри, «Кыргызавтобанк» Акционердик-коммерциялык башкармалыгынын төрагасынын кеңешчиси (2000-02), «Кыргызстан-Чехия» достук коомунун президенти (2002-05), КРдин Улуттук банкынын башкармалыгынын мүчөсү (2005-10), Банктарды рефинансылоо атайын фондусунун директорунун кеңешчиси (2010-12), 2012-жылдан Кыргызстан улуттук электр тармагынын Директорлор кеңешинин мүчөсү. Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4