Тагаев Айтибай Султанович

Википедия дан

Тагаев Айтибай Султанович (30. 4. 1958-жылы туулган, Ош областы, Ноокат району, Эски-Ноокат айылы) – мамлекеттик ишмер. Кыргыз Республикасынын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. 1981-жылы КМУну бүтүргөн. 1981–93-жылдары Кызыл-Кыя шаардык курулуш материалдар комбинатында башкы бухгалтердин орун басары, башкы бухгалтери, директордун орун басары, 1993–94-жылдары Кызыл- Кыя шаарындагы «Нур КМ» АКда директордун орун басары, 1994–98-жылдары ошол эле ишкананын башкармалыгынын төрагасы, 1998–2005-жылдары директорлор кеңешинин төрагасы, төраганын жардамчысы болуп иштеген. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (3–4-чакырылышынын) депутаты, 2008–10-жылдары төрагасы болуп иштеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]