Мазмунга өтүү

Тагаев Мамед Жакыпович

Википедия дан

Тагаев Мамед Жакыпович (18. 5. 1947-жылы туулган, азыркы Талас областы, Манас району, Покровка айылы) – педагог, филология илимдеринин доктору (2005), профессор (2006), Кыргыз Республикасынын эл агартуу отличниги (1982), Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер (2007). 1970-жылы ОМПИни бүтүргөн. Кара-Буура райондук Бакыян айылдык мектебинде мугалим (1965–68), ОМПИде окутуучу, доцент, профессор кафедра башчысы, декан, Тил жана маданият институтунун директору (1970–2006), ОшТУнун Эл аралык мамилелер факультетинин кафедра башчысы, деканы (1992–2001), КРСУнун профессор (2006-жылдан). 130дан ашык илимий эмгектин автору. Эмгектери: Изучение русского словообразования в киргизской школе. Ф., 1982; Учебные словари по русскому языку для киргизской школы. Ф., 1986; Полипарадигмальное описание морфемики и словообразование (на материале русского и киргизского языков). Б., 2004; Русский язык: Учебник для 7 класса кыргызской школы. Б., 2010.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]