Рашид Тагаев
Көрүнүш
(«Тагаев Рашид» барагынан багытталды)
Тагаев Рашид Бакирович | ||
| ||
---|---|---|
Туулган жылы: | 21 Август 1958 жылы | |
Туулган жери: | Октябрь айылы,Жалал-Абад облусу, Кыргыз ССР | |
Билими: | Кыргыз Улуттук Университети СССРдин Ички иштер министрлигинин мектеби | |
Кесиби: | Коомдук жана саясий ишмер |
Тагаев Рашид Бакирович 1958-жылдын 21-августунда Жалал-Абад областынын Октябрь айылында туулган. Кыргыз Мамлекеттик университинин педагогикалык факультетин, кийинчерээк юридикалык факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1981-1982 – Жалал-Абаддагы М.Фрунзе атындагы №3 орто мектептин мугалими;
- 1982-1984 – Жалал-Абад консерва заводунун пландаштыруу бөлүмүнүн ага экономисти, ошол эле бөлүмдүн жетекчиси;
- 1984-1985 – Кыргыз ССРнин Тамак-аш өнөр жайы министрлигинин ага инженери;
- 1985-1990 – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин социалдык менчикти уурдоого жана алып сатарлыкка каршы бөлүмүнүн кызматкери; Кара-Суу РИИБинин башчысы, Жалал-Абад ОИИБинин оперативдик жумуш боюнча башчысынын орун басары;
- 1990-1995 - Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгынын бөлүм башчысы;
- 1997-1999 – Талас ОИИБинин башчысы;
- 1999-2003 – Ош ОИИБинин башчысы;
- 2003-2005 – Жалал-Абад ОИИБинин башчысы;
- 2005-2006 – КРнын Коррупцияга каршы күрөш боюнча Улуттук Кеңешинин мүчөсү;
- 2005-2007 – Жогорку Кеңештин III чакырылышынын депутаты, 2006 - ЖКнын коррупцияга каршы күрөш жана мыйзам тартиби комитетинин башчысы;
- 2007-2010 – Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты, 2009 – Коргоо, коопсуздук, мыйзам тартиби жана коррупцияга каршы күрөш боюнча комитетинин башчысы;
- 2016-2020 – 2016-жылдан бери "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынын Ош жана Баткен облустарындагы филиалынын директору [1].
Кошумча маалымат
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Рашид Тагаев милициянын генерал-майору. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
Үй-бүлөлүү, үч кыз жана бир уулдун атасы.
2020-жылдын ноябрында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өз талапкерлигин көрсөткөнү тууралуу БШКга арыз берген.
Интернеттеги шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Калып:Внешние ссылки нежелательны
Портал «Кыргызстан» |
- ↑ Рассекреченная Киргизия (ru), «Sputnik Кыргызстан» (10 -ноябрь (жетинин айы) 2020).