Таджибаев Эльдар Абдухалилович

Википедия дан

Таджибаев Эльдар Абдухалилович (5.11.1977-ж.т., Шакафтар айылы) - коомдук ишмер, философия илимдеринин кандидаты (2006).

“Дастан” технологиялык университетин (1999), Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Философия жана укук институтунун аспирантурасын (2006), Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин (2010) бүткөн.

1999-2010-жылдары Кыргызстандын тоо-кен, металлургия кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинде укуктук эмгек инспектор, башкы укуктук эмгек инспектор, башкы техникалык эмгек инспектор, укуктук жана техникалык эмгек инспекцияларында бөлүм башчы болуп иштеген. 2010-жылдан Кыргызстандын тоо-кен, металлургия кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы. Мындан тышкары Т.Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлерин колдоо фондусунун Байкоо кеңешинин мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин Коомдук байкоо кеңешинин мүчөсү, 2012-жылдан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агентствосунун Коомдук байкоо кеңешинин мүчөсү, Кыргызсган профсоюздар Федерациясынын Президиумунун мүчөсү болуп шайланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6