Тажибаева Анаргүл

Википедия дан

Тажибаева Анаргүл (1900–1978, Ноокат району) – төкмө ырчы жана манасчы. Эң алгачкы чыгармасы сүйгөн жигити Мамазакир менен кат аркылуу сүйүү багытындагы айтышы болгон. Анда Анаргүл:

“Он гүлүмдөн бир гүлүм, Ооба, Тартип, туйгунум. Оң жакты карап бир күлүң! Оонап кептей бир жүрүң. Беш гүлүмдөн бир гүлүм, бейдабаа ай, Тартип туйгунум. Бери жакты карап бир күлүң! Безип кетпей бир жүрүң”, – дегендей саптар м сүйгөнүнө Тартип деп ат коюп ырдайт. Мамазакир Анаргүлдү Зебайым деген ысым да:

“Ак оромол – дүрүйөң, Алганым сиздей болбосо, Аркамда калсын дүнүйөм. Көк оромол – дүнүйөң, Көргөнүм сиздей болбосо, Көрүмдө калсын дүнүйөм” – деп ырдайт. Тажибаева өз башынан кечирген турмушун айтып бир топ чыгармаларды жараткан. Анын күйөөгө чыгып Алайга баргандыгы сын, андан Чөлбиябан Төө моюнга көчүрмө болуп баргандагы сын баяндаган ырлары абдан кызыктуу. Күйөөсү өлгөндө “Бөрүбай акын жөнүндөгү кошок” деген кошок айтып, “Мырза уул”, “Ак Саткын менен Мырза уул” деген элдик сюжеттеги чыгармаларын жаратып, “Насыйкат”, “Санаттарды” о. эле “Небереме” дегендей балдар ырларын да жараткан. Тажибаеванын Манас эпосунан да узакка айтылган тексти бар, ал “Манастын төрөлүшү жана балалык чагы” деп айтылат. Анда улуу эпостун негизги өзөгү камтылуу менен айрым кепке аларлык өзгөчөлүктөр да кездешет. Мисалы бул вариантта карыганча уул көрбөгөн Жакыпты досу Караткан ардантыш үчүн чоң той берип, ашпозчуларга: “Уулдууга уча тарткыла. Кыздууга куйрук, боор тарткыла. Перзенти жокко кулагын кесип, Куу чоку кылып баш тарткыла. Көзүн оюп, көр чоку кылып төш тарткыла” деген буйрук берет. Кулагы кесилген, көзү оюлган баш тийген Жакып арданып, Ак мазарга барып, ак төө союп, 12 имам 40 чилтенден бала тилейт. Акыры уул көрөт, ошондо эселик туубаган бир байталы Как куланы (Аккуланы) тууйт. Андан ары Манастын укмуштуудай тез жетилиши ж-дө ыр менен айтылып отурат. Алтысында ат минип, жетисинде куш салат. Сегиз жашында сексен жигит курайт, жүрүш баштайт ж. б. Дагы бир өзгөчөлүгү Анаргүлдүн вариантында Манаска колуктуну атасы Жакып издебестен, Манастын апасы Куурасын тандайт. Ал Шооруктун кызы Нак ылайды жактырып, Манаска алып берет ж. б. Тажибаева өзүнүн акындык ордун: “Таразага таш коюп, Тартып алган эмесмин, Чөнтөгүмдөн пул берип, сатып алган эмесмин” деп түпкүлүгүнөн поэзия даарып төкмө болуп жаралгандай түшүндүрөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Инсандар (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-11-9