Тажигүл Өзген Күнтүз

Википедия дан

Түркиялык кыргыз айымы Тажыгүл Күнтүздүн “Кыялымдагы кыргыз айымы” атту жеке сүрөт көргөзмөсү
Бөтөн жердеги боордошубуз Тажыгүл Күнтүздүн чыгармачылыгын кыргызстандык туугандарына тааныштырууну “Ыйык Ата Журт” коомдук жаштар фонду Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт өнөр музейи жана “Шоокум” журналы уюштурду. Ошондой эле “Ыйык Ата Журт” коомдук жаштар фондунун жана “Шоокум” журналынын демилгеси менен чет өлкөлүк кыргыздардын Бишкек, Каракол, Талас, Жалал-Абад, Ош шаарларында, ЖОЖдун мугалимдери, студенттери, маданий-коомдук мекемелердин кызматкерлери, жеке ишкерлер менен атайын жолугушуулары, Кыргызстандын аймагында тарыхый жайларда зыярат кылуу иш чаралары да уюштурулду. Тажигүл Өзген Күнтүз 1958-жылы Түркиянын Кония шаарында төрөлгөн. Чоң атасы Парпибай ажы кыргыздын адигине уруусунан чыккан. Атасынын аты Тахир, энесинин аты Алайлык. Тажигүл Күнтүздүн чоң аталары 1930-жылы Ала –Тоодогу тарыхый –саясий кырдаалдардан улам Кыргызстандан айрылууга аргасыз болушкан. 7 жыл Кашкарда, 17 жыл Пакистанда жашап, 1954-жылы 40 түтүн кыргыз Түркияга көчүп барышкан. Тажигүл Күнтүз башталгыч, орто мектепти жана лицейди Түркиянын Кония шаарында бүтүргөн. Чукурова университетинин менеджмент факультетине тапшырып, окууну ийгиликтүү аяктаган. Өзү сыяктуу Түркияда төрөлүп өскүн Казандык татар жигитке турмушка чыккан. Учурда үч баланын энеси. Балдарына дагы кыргыз улутунун өзгөчөлүгү тууралуу дайыма айтып келет. 2004-жылы өмүрлүк жолдошун, балдарын Кыргызстанга алып келип, туугандары, мекени менен тааныштырган. Төрт жыл жеке сүрөт канада заманбап сүрөт өнөрүнөн дарс алган. Классикалык көркөм сүрөт өнөрүнөн кийин заманбап сүрөт өнөрүнө да абдан кызыккан. Жети жылдан бери жеке сүрөт канасында эмгектенип, жаш сүрөтчүлөрдү тарбиялап келүүдө. Тажигүл Күнтүз негизинен кыргыз айымдарынын кийимдеринин түрлөрүн жана кийимдерге камтылган түрдүү мотивдерди чагылдырууну мекенинин алдындагы милдети катары сезип, 25 сүрөт алып келди. Бул иштин үстүндө 3-4 жыл мурун эле иштей баштаган.

Маалымат булагы: “Шоокум” журналы.