Таза тукум мал өстүрүү

Википедия дан

Таза тукум мал өстүрүү – бир эле породадагы малды өз ич ара тукумдатып, мал санын көбөйтүү ыкмасы. Бул ыкманы колдонуудагы негизги максат – малдын породалык касиеттерин сактап, аларды тукумуна берип туруу. Таза тукум мал өстүрүү адам баласына байыртадан эле белгилүү болгон. Ал 16–17-кылымдан баштап гана илимий негизде жүргүзүлө баштаган. Таза тукум мал өстүрүүдө төмөндөгүдөй негизги шарттардын болушу зарыл: 1) породадагы мал санынын көп болушу жана кеңири аймакка таралышы; 2) жергиликтүү экологиялык – географиялык шартка көнүккөн мал тобунун зоот породасында тип, линия жана тукумдун болушу; 3) тукумдук малды тандоодо аны теги, экстерьери, өсүшү, продукттуулугу, тукумдун сапаты боюнча толук бонтировкалоо; 4) жакшы тоют берип, багуу шартын жакшыртуу; 5) тукумун асылдандыруу ишин туура уюштуруу ж. б. таза тукум мал өстүрүүнүн негизги формасы малды линиясы боюнча өстүрүү болуп эсептелет. Кыргызстанда малдын таза тукумдуу төмөндөгүдөй породалары бар: ала-тоо ую, олуя ата ую, кыргыз уяң жүндүү кою, тянь-шань кою, алай кою, орлов таскакчыл жылкысы, орус таскакчыл жылкысы, дон жылкысы, кыргыз жаңы жылкысы ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]