Тайгаккечүү

Википедия дан

ТайгаккечүүЧүй дарыясынын ортоңку агымындагы белгилүү кечүү. Кемин районунун аймагындагы, Тайгакташтан төмөн, Желаргы өрөөнүнүн тушундагы суунун жайылып аккан тайыз жери. Тайгаккөпүрө салынганга чейин Чүйдүн бир өйүзүнөн экинчи өйүзүнө өтүү үчүн ыңгайлуу өткөөл болгон. 1856-жылы П. П. Семёнов баштаган орус отряды дарыяны ушул жерден кечип өткөндүгү божомолдонот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]