Такт

Википедия дан

Такт (французча tact, латынча tactus – тийүү, сезүү, туюу) билим берүүдө – 1) кимдир бирөөгө же бир нерсеге туура мамиле кылууну, кайрылууну туюндуруучу сезим өлчөмү; өзүн тиешелүү түрдө алып жүрө билүү; 2) музыкада – басымдуу, басымсыз (күчтүү, күчсүз) үлүштөрдүн кезектешүүсүн белгилеген музыкалык өлчөм бирдиги; музыкалык метрдин бирдиги жана өзгөчө формасы. Такт түшүнүгү 17-кылымда калыптанган. Метрдин түрүнө ылайык жөнөкөй (2 же 3 үлүштүү), татаал, (4, 6, 9, 12 үлүштүү), аралаш (мисалы, 5 үлүштүү) жана өзгөрмөлүү такт болуп бөлүнөт. Күчтүүсү тактынын 1-үлүшү; татаал тактта да бир кыйла күчтүү үлүш болот. Такт өлчөмү бөлчөк (мисалы, 2/4) же өзгөчө белги (С – 4/4), такт чектери – тике сызыкча (тактылык белгилер) менен белгиленет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]