Талаанын аксиомалык теориясы

Википедия дан

Талаанын аксиомалык теориясы – жыйынтыгы көп эмес сандагы аксиомалардын бирдиктүү системасынын өтө так математикалык натыйжасы болуп чыккандай түзүлгөн талаанын квант теориясы.

Мындай аксиомалардын катарына: а) салыштырма инварианттуулук, б. а. физикалык закондордун (салыштырмалуулук принцибине ылайык) координаталар системасынын тандалып алынышына жана анын бир калыптагы түз сызыктуу кыймылына көзкаранды эместиги; б) себептүүлүк (же өз ара аракеттешүүнүн чектүүлүгү) мейкиндик-мезгилдин бир чекитиндеги окуя(r,t) башка чекиттеги окуяга(r′,t′) таасир бере албастыгын талап кылат (бул жаратылышта жарык ылдамдыгынан тез тараган сигналдын болбостугун билдирет); в)спектрдик бул система абалынын энергиясынын оң болушун талап кылат (вакуум энергиясы нөл деп кабыл алынат). Талаанын аксиомалык теориясынын жыйынтыктарына СРТ теоремасы жана спиндин статистика менен байланышынын өтө так математикалык корутундусу кирет. Талаанын аксиомалык теориясынын эң маанилүү жыйынтыгы – тажрыйбада аныкталуучу бөлүкчө-лөрдүн чачыроосунун эки мүнөздөмө-сүн: чачыроонун толук натыйжалуу кесилишин жана чачыроо амплитудасынын чыныгы бөлүгүн байланыштырган дисперсиялык катыштарды далилдөө. 70-ж-дын башында Талаанын аксиомалык теориясында аксиомаларга толуктоо катары бөлүкчөлөрдүн өз ара аракеттешүүсүнүн белгилүү механизми сунуш кылган конструктивдүү багыты өнүккөн. Бул багыттын максаты – талаанын квант теориясында эсептөөнүн негизги ыкмасы болгон дүүлүгүү теориясына математикалык ой жүгүртүү, терең түшүнүп туура тыянакка келүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]