Талаанын биримдик теориясы

Википедия дан

Талаанын биримдик теориясы - бардык элөментардык бөлүкчөлөрдун жалпы касиеттерин түшүндүрүүгө тийиш болгон универсал физикалык теория.

Анын милдети - табияты бир «алгачкы материянын» ар кандай абалдары аркылуу бөлүкчөлөрдүн бардык касиеттерин, кыймыл мыйзамын, өз ара өтүшүн жалпы бир теория менен түшүндүрүү. Табияттагы элементардык бөлүкчөлөр негизинен уч куч менен (электр- магниттик, гравитациялык, ядролук) өз ара аракеттенишет. Аракет күчтөрү биринен экинчисине физикалык талаа аркылуу берилет. Көп учурда айрым бөлүкчөлөр бир эле учурда үч өз ара аракетке катышышы мумкун. Мисалы, протон массага ээ болгондуктан-гравитациялык, ал эми электр зарядына ээ болгондуктан электр-магниттик өз ара аракеттенишке катышат.

Протон атом ядросун түзүүчү бөлүкчө болгондуктан ядролук өз ара аракет күчүнө ээ. Проток жогорку аталган кучтор талааеынын булагы, б. а. бир эле мезгилде протондун айланасында электр-магнит, гравитация жана ядролук талаалар найда болуп, калган кончулук бөлүкчө да ошол эле учурда ушул үч талаанын булагы боло алат.

Бөлүкчөлөрдүн өз ара бири биринө айланышы, бөлүкчөнүн талаага, талаанын бөлүкчөгө айланышы талаа менен бөлүкчөлөрдүн табиятынын биримдигин, б. а. бир экенин билдирет. Талаанын булагы болгон бөлүкчөлөрдүн табияты бирдей болсо, анда талаалардын да табияты бирдей болуш керек, б. а. электр заряды менен массанын ортосунда байланыш болууга тийиш. Мындай байланыш азырынча илимде аныктала элек. Ал эми айрым илимпоздордун пикири боюнча табиятта жалпы бир гана талаа болуп, бөлүкчөлөр ошол талаанын ар кандай кванттык абалы болуп эсептелүүгө тийиш. Мындай теория азырынча тузулө элек. Изилдөөлөр улантылууда. Кийинки кезде талаалардын табияттары менен ааламдын теориясындагы байланыштар изилденүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.