Талаанын кванттык теориясы

Википедия дан

Талаанын кванттык теориясы – элементардык бөлүкчөлөрдүн жана алардын өз ара аракеттешүүсүнүн релятивдик кванттык теориясы. Талаанын кванттык теориясы салыштырмалуулук теориясы, кванттык механикасы жана себептүүлүк принцибине негизделген. Микродүйнөнүн эң жалпы жана таң калтырган өзгөчөлүгү – бөлүкчөлөрдүн бири бирине өз ара айлануу (өтүү) касиети. Бөлүкчөлөр өз алдынча же бири бирине кагылышуудан пайда болот. Бүгүнкү күндө талаанын кванттык теориясы физикалык теориялардын фундаменталдууларынын негизгиси катары эсептелинет. Бул теория боюнча ар бир бөлүкчөгө өздөрүнүн түрлөрүнө ылайык талаалары болот. Мисалы, фотондордун электр-магниттик талаасы, электрон-позитрондук талаа, пиондук талаа ж. б. Ар бир талаа бөлүкчөлөр тобу деп, ал эми бөлүкчөлөр тобу кандайдыр бир талаа деп каралат. Талаанын кванттык теориясынын чегинде талаалар жана бөлүкчөлөр бирдей негизде түшүндүрүлөт. Талаанын кванттык теориясында талаанын нурланышын, квантталган толкундардын (же бөлүкчөлөрдүн) дүүлүгүшүн, алардын пайда болушун жана жутулушу каралат. Квантталган талааларда бөлүкчөлөрдүн санынын өзгөрүшү өз ара аракеттенишүүнүн негизинде пайда болот. Талаанын кванттык теориясында өз ара аракеттенишүүлөрдү түшүндүрүү үчүн Фейнман диаграммалары же графиктери пайдаланылат. Булар талаанын кванттык теориясынын процесстерин иллюзиялык түшүндүрөт. Азыркы күндө талаанын кванттык теориясы ар кандай талааларды акырындап бириктирүү, өз ара аракеттенишүүлөрдүн бирдиктүү сүрөттөлүшүн түзүү жолу менен өнүгүүдө. Мисалы, электр-магниттик (фотондук) жана электрон-позитрондук талаалардын аракеттешүүлөрүн кароочу квант электр-динамикасынын түзүлүшү, электрдик-начар өз ара аракеттенишүүлөрдүн бирдиктүү теориясынын түзүлүшү эсептелет. Өзгөчө 1960-жылдары кварктар менен глюондордун ортосундагы байланышты жазып мүнөздөөдө талаанын кванттык теориясынын мааниси чоң болгон. Талаанын кванттык теориясын түзүү бир канча татаал жана бул теория алиге чейин да толук түзүлүп бүтө элек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]