Талаа шпаты

Википедия дан

Талаа шпаты (немецче Feldspat – талаа, грекче spate – кошунду заттар) – жер кыртышында эң көп тараган тоо тек пайда кылуучу минералдардын тобу; Жер кыртыш массасынын 50%тейин түзөт. Негизинен магмалык, метаморфизмдик, метасомотоздук жолдор менен пайда болот. Курамында кошумча иретинде Ва, Sr, Pb, Fe, L, Rb, Cs, Eu ж. б. элементтер болот. Структурасынын негизин (A1 Si) 04түн тетраэдр тобунан турган үч өлчөмдүү каркас түзөт. Курамы боюнча акиташ натрийлүү плагиоклаздар NaAlSi3Og- CaAl2Si3Og жана калий-натрийлүү алюмосиликаты (К, Na) AlSi308 же калийлүү KAlSi3Og, аз санда калий-барийлүү KAlSi308-BaAl2Si3Og (гиалофан, цельзиан) талаа шпаты болуп ажыратылат. Курамы өтө татаал болгондуктан так курамы, структурасы Фёдоров столчосунда жана рентгенография ыкмаларынын жардамы менен аныкталат. Талаа шпаты айнектей жалтырак, түссүз, бирок кошумча аралашмалардын таасиринен көбүнчө боз, кызгылт, кызыл, жашыл, каралжын өңдөгү түрлөрүн кездештирүүгө болот. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 6–6,5. Салыштырма салмагы 2,5–2,8. Моноклин же триклин системасында кристаллданат. Талаа шпаты тоо тектердин классификацияланышынын негизин түзөт. Айнек, карапа, фарфор, цемент өнөр жайында, курулушта каптама материал (лабродит), айрым түрлөрү (амазонит, олигоклаз) кооз таш катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]