Талас аймагындагы ыйык жерлер

Википедия дан

Киришуу

"Айгине" - маданий изилдоо борбору, жетекчиси Айтпаева Гулнаранын жетекчилиги астында 2005-жылдын март айынын тартып Талас мамлекеттик университетинин студенттери менен Талас жергесиндеги ыйык жерлерди, мазарларды изилдоо иши башталган. Бул изилдоонун жыйынтыгында Талас жергесиндеги шайык-кароолчулардын тажрыйбалары, мазарлардын тизмеси, жайгашкан жерлери, суроттомолору такталган. «Айгине» уюмунун мучолору барып, оз коздору менен коргон мазарлардын саны (Талас областы боюнча) 157. Анын ичинде Манас районунда - 34, Кара-Буура районунда- 40, Талас районунда- 37, Бакай-Ата районунда- 46. Кыргызстанда адатта ыйык жерди мазар деп аташат. Мазар - араб тилинен келип чыккан соз, башында ыйык жерлер устундо тургузулган кумбоздорду тушундургон. Бара-бара бул соз элдин ан-сезимине ар турдуу касиеттуу жерлердин аталышы болуп калган. Азыркы учурда олкобуздун ичинде жайгашкан мазарлардын эки туру байкалды.

1. табигый келип чыккан мазарлар: булактар, тоолор, токойлор, ункурлор, таштар, дарактар, колдор ж. б.

2. адам тарабынан тургузулган мазарлар: улуу инсандардын кумбоздору, байыркы курулуштар, куноосуз олтурулгон инсандардын жайы ж. б.

Тарых деген созду да тактап алууга туура келет. Биз кобунчо «тарых» деп илимпоздор тарабынан иштелип, такталып, кагаз бетине тушурулуп, китеп же башка жазуу турундо жарык коргон маалыматты тушунобуз. Бирок демейде «тарых» деп таанылган нерселер эн башынан окуялардан жана ошол окуялардын тегерегиндеги болгон ой-пикирлерден башталат. Аны «оозеки тарых» деп атап кетсек болот. Таласта жургузулгон изилдоо корсоткондой мазар баскан эл учун мазарлар - адам баласы оз максатына жетууго, ой-мудоосун ишке ашырууга жардам берген, туздон-туз улуу кучтор менен адамды байланыштырган ыйык жерлер. Ыйык жерлердин, мазарлардын жанында жашап аны оз каалоосу менен камкордукка алып, келген адамдарга мазардын тарыхын айтып, жол-жоболорду тушундуруп берип турган адамдар Кыргызстанда шайык деп аталат.

«Айгине» борбору изилдоонун учурунда «Талас жергесиндеги кылым карыткан мазарлар», «Касиеттуу Нылды ата» жана «Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде» аттуу китептерди жарыкка чыгарган. Жогорудагы жана томондогу маалыматтардын баары жана суроттор «Талас жергесиндеги кылым карыткан мазарлар» жана «Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде» деген китептерден алынды.

Кочкор ата мазарынын оозеки тарыхы. Карабуура району, Коксай айылы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мазардын туру-тал менен булак жана кумбоз менен кумурсканын уюгу. Шайыгы Жумагул кызы Алматай. Зыяратчылардын кээ бири бул жерде Кочкор атанын соогу коюлган деген ойду айтышса, айыл аксакалдары Кочкор ата деген жер Нарында, Аксыда, Ысык-Колдо дагы бар, демек бул жерге тек гана Кочкор ата туноп кеткен жерлер дешет. Кочкор ата Манас атадан бир кылым кийин жашап откон деген божомолдоолор айтылат. Жалпылап алганда, мындай мазарлуу жерге олуя, же бир таза, касиеттуу адамдардын соогу коюлган болот. Кочкор ата мазарын кургандардын бири - Качкынбек карыя мазар туралуу томонкулорду айтып берген. «1954-жылы мен жайлоого чыктым. Кочкор ата мазарынын ары жагы саз болчу. Ошондо чабандар куран окуп отушчу. Ал эми зикир чалганда боз туман аралап отчу. Ал жерге (Кочкор атага) кире бергенде чон таш бар, ага зыярат кылуу керек. Андан ары мазардын ичинде таш короо бар, ал короонун ичинде олуя ата бар. Ал калпак кийинген, короонун ичинде азан айтып отурат. Кочкор ата учурунда кучтуу мазар эле, эми болсо таарынгандай олуялары ошол жерден агып отчу Куркуроо суусунун бооруна чыгып кетти. Бул мазардын касиетинин кетишинин себеби, кээ бироолор таза эмес болуп барышат, орустар дары чоп теребиз деп барышып, арак ичип ошол жерге туноп калышчу жана дагы жолдун боюнда болгондонбу мал-сал айдап отушуп, эл анча барктабай калышты. Айылдагы Сыялы акем айтаар эле, эки киши Кочкор атадагы талды кесейин деп экоосу тен каза тапты деп. Бироосу ошол жерден мурт кетти, ал эми экинчиси болсо кайбырап журуп (адам санына кошулбай жин оорусу менен ооруган) акыры жок болду».

Ажыдаар таш мазарынын оозеки тарыхы. Карабуура району, Коксай айылы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мазардын туру - таш Кароолчусу Абдыраимов Жекшенаалынын айтымында илгери Куркуроо суусунун жээгинде, Жийдели деген жерди (азыркы Сары Ункур) мекендеп ажыдаар жашаптыр, тоодогу эл менен айылдагы элдин байланышы болбой калат. Анткени ото турган жол жок болгон, эки жагы тоо ортосундагы жолдо ажыдаар. Ошол жерде ажыдаар пайда болуп нары откон бери откондордун баарын жута берет. Анан элдердин уройу учуп тоодогусу тоодо, айылдагысы айылда калып бири-бири менен катташ болбой калат. Анан бир аксакал аябай капа болот «Ай атан кору, бир баатыр энеден туулбаптыр» деп. Анан ошол жерден Чокон деген аксакалдын баласы Ото «мен барам ата» деп, жоо жарагын шайланып алат. Чокон аксакал минип жургон кара кер атын берип, колундагы алтын шакегин уулуна салып коюп жонотот. Бирок ал баланы да ажыдаар жутуп коет. Ал эми ошол баланын. Дилдежан деген суйгон кызы болгон, ал кыз да аябай баатыр, мергенчи кыз болгон. Кечинде баланы кутот, келбей калгандан кийин баланы ажыдаар жутуп койгонун угат. Анан жоо жарагын алып, ууланган жебесин алып, тоонун наркы бетине барып чон ташка бекинип жатып калат. Ажыдаар кундун ысыгына толукшуп, уктап жатканда Дилдежан кыз ажыдаардын башына ууланган жебе менен атып олтурот. Олтургондо ажыдаардын оозунан жалын чыгып, жердин баары орттонуп, Жийденин аймагынын баары ортко кабылды. Анан кыз барып ажыдаардын ичин сойсо бут жеген нерсеси аш болуп бир гана алтын шакек аш болбой калган экен. Алтындын касиетиби, алтын шакек менен баланын чыпалагы калган экен. Анан ошондон чыпалагын алып комуп, кыз коздон кайым болуп кеткен экен. Ошол мазарга баргандар айтат тажылуу ажыдаар колдоп турат деп айтышат. Анан бул мазардын жонокой дарылыгы ушул, барган адам барып сыйынып колун жууса соолу кетет. Анан эгзема орууларына да ушунчалык дары.

Олжобайды керген таш мазарынын оозеки тарыхы. Карабуура району, Коксай айылы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мазардын туру - таш менен тал. Кароолчусу Абдыраимов Жекшенаалынын айтымында илгери бир Олжобай деген киши тайэжеси Кишимжанга ашык болуп калат. Бирок Кишимжандын куда тушкон жери бар болчу. Ага карабай эки ашык акылдашып алып, кулак угуп, коз корбогон жерге качып кетууну ойлошот. Алар Чук-Терек деп аталган жерге качып келишет. Ошентип кундор отуп, капастан чыккан булбулдай болуп ээн-эркин сайрандап омур суро башташат. Эки жаш суйуунун кумарына канбай жашоо улантып жатканда кара булут каптагандай, издеп жер кыдырган таякеси Кудаке эки ашыктын омуруно карангы тун тушурот. Олжобайды абдан сабап, эс-учунан ажыратып, элдин эсинде калсын дегенсип алдына таш тошоп, устуно тикенекти таштап, керип салып, устунон мал айдатып кыйнап олтурот. Ошентип олугун атка артып жоноп кетишет. Кундун ысыгынан эти жыттана баштагандан кийин азыр казак-кыргыздын жери аталган Куланды-Сай деген жерге мурзо каздырып, денесин коюп комоордо Кишимжан таякесинен уруксат сурап, Олжобай менен коштошуп чыгуу учун мурзого тушот. Олжобайдын мандайынан ооп, «бул жашоодо сен жок жашоо мен учун карангы тун, ошол учун туболукко бирге бололу» деп озу менен ала тушкон ач албарс шамшар менен озун журокко бир уруп омур менен кош айтышат. Жанылганын сезген таяакеси ачууга буулугуп, «олгондо да силерди бирге койбойм»-деп, экинчи мурзону каздырып, жанына коюп, Чуктеректен алган эки чыбыкты экоонун мурзосуно сайып кете берет. Азыркы учурда кудайдын кудурети менен ошол чыбыктар, чынар терек болуп айкалышып оскон. Олгондо жаткан жери башка болсо да, тируулукто бирге дегендей, чынар теректин жалбырактары азыркы учурда шуудурап турат.

Боо-Терек мазарынын оозеки тарыхы. Бакай-Ата району, Боо-Терек айылы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мазардын туру-булак, терек. Шайыгы Эшалиев Сагынбектин айтымында Боо-Терек бул олуя адам болгон. Ал ушул жерде жашаган. Анын бою - 5м., туурасы - 1,5 м, салмагы болжол менен эки тоннага жакын болгонун кеп кылышат. Боо-Теректин агалары Адамия ата, Калпа ата, Бозтектир ата, Бостун булак ата, Баба ата менен Бача ата мазарлары Чаткалда жайгашкан, Боо-Терек ата ушул жерде каза болуп, ушул жерде коюлган. Боо-Терек атанын мурзосунон коп алыс эмес жерден чыккан терекке эл зыярат кылып баштап, бара-бара бул жер мазар болуп калган. Кийин СССРдин убагында орус киши ушул теректи кыйганда, дуйно менен кош айтышкан. Теректи кыйганга буйрук берген адамдын эки баласы каза болуп, озу акылынан айнып калган - деген маалыматын билдирсе, Б. аттуу башка бир адам «кийинчирээк бир турк кой жайып журуп, бир бутагын кесип алганда кан дыркырап чыккан экен. Ал киши коркуп айылына барып кудай тамак откозгон экен. Ошол кундон баштап, мазарга элдер коп келе баштаган» - деген маалымат берет. Бул ыйык жердин архитектурасы кызык. Анын архитектуралык композициясы дээрлик Манас кумбозунукуно окшош - дейт окумуштуу Бакыт Аманбаева.

Бозтектир ата мазарынын оозеки тарыхы. Бакай-Ата району, Наматбек айылы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мазардын туру - таш. Кумуштак тоосунун ичинде жайгашкан, ал айылдан 15 чакырым алыстыкта турат. Аталган мазар 1,5 га аянтты ээлейт. Салмагы 15 тоннадай, бийиктиги 3,5 метрдей таш турат. Дарыгер Момбекова Бубусааданын айтымында илгери бул жерде каапырлар (ислам дининен башка диндеги адам) менен мусулмандар кармашып, дин талашып, кыргын согуш болуп, шейиттер (олум) коп болгон. Бозтектир ата согуштун башчысы болгондуктан, ал олгон жоокерди же элдерди улам таш менен жашырып, белги кылып кете берген экен, аны каапырлар кубалап олтуроордо ал чон ташка жашынып, ташка кандайдыр бир сыйкырдуу куч пайда болуп, ал таш эрип кетип озуно Бозтектирди жашырып алат. Бозтектир атанын колдоочусу буркут болгондуктан, ошол таштын элеси да аркасынан караганда буркут калкалап тургандай, буркуттун элеси чагылдырылган. Бул ташты эч ким жасаган эмес, ал озунун табиятынан ушундай. Ошол кыргын болгон аймакта уймок-уймок таштар болсо, жогорудай айтып откондо, жанагы шейит болгон жоокерлерди бейити катары эсептелип, бул жер бутундой ыйык жер болуп саналат.

Нылды ата мазарлар бирикмеси. Бакай-Ата району, Озгоруш айылы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нылды ата Эчкили тоо кыркасынын таштак коосунан орун алган. Башкача айтканда, ошол кону бутундой ушул мазарга тиешелуу десек болот. Нылды ата бирикмеси озундо 23 мазарды камтыйт. Алардын бардыгы тен Эчкили тоонун этегиндеги Чон туюк жана Кичи туюк деп аталуучу коктуда жайгашкан. Шайыгы Кудакеев Жеништин айтымында Нылды ата Нух пайгамбардан мурда жашап откон. Озу табып болуп, элди ар кандай ооруулардан айыктырган. Ошондой эле Нылды ата жаш кезинде 30 чакты балдарды оз балдарындай кылып, асырап, чонойтуп адам кылган. Ал 60 жашка келген кезинде тентуштары: «Жашын келип калды эми уйлонбойсунбу, артында туяк калсын» дешет. Ошондо Нылды ата: «Мен уйлонбойм, силердин атынар коп болсо бир кылым очпой жашайт, меники болсо канча кылым болсо да очпой сакталат», - деп жооп кайтарган экен. Нылды атанын: «Мен жашаган кездеги тоо азыр сай болду, сай тоо болду», - дегени арадан ото коп кылым отконун айгинелеп турат. Талас мамлекеттик университетинин кыргыз филология болумунун студенти Назира Жусупова менен болгон маегинде Озгоруш айылынын тургуну Ооган молдо томонкудой маалымат берген: «Нылды ата Манас атадан бир топ мурун жашап откон. Манас атага 1000 жыл болсо, Нылды атага 2000 жыл болду. Элдин айтымы боюнчаал жерде уч тилди билген уч адам болгон экен, бирок адамдарга корунбойт. Бироо кыргызча, бироо арабча, бироо индиялыктардын тилинде суйлойт экен. Ал жерге мен да баргам, боорум ооруп журот эле. Барсам ал жерде бир киши бир аз жерди иштетип отурат экен. Анан мени уйуно киргизип чай кайнатып берди. Кумшекери жок куру чайдын озун иче бериптирмин. Бир чайнек болчу, ичи 3 литр чыгат, тойгонумду билбейм, баарын ичиптирмин. Ал эми уйдон бир литр чай иче албайм. Ошол суу мазардын суусу эле, мазардын касиетинен болуш керек, 3 литрди тойгончо ичтим. Боорум да, чарчаганым да басылды. Касиеттуу жер экенин ошондон билдим, андан кийин коп ооруган жокмун».

Арашан ата мазарынын оозеки тарыхы. Талас району, Беш-Таш капчыгайы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мазардын туру - булактар. Мазардын шайыгы (кароолчусу) Байыш Бекназаровдун айтымында: Арашан ата деген Манас ата сыяктуу баатыр, эл башкарган касиеттуу адам болгон дешет. Ошол жерге соогу коюлган. Бирок азыркы кундо Арашан атанын мазары мурдагы ордунан бир аз алыстыкта, анткени ошол мазардын тегерегиндеги тал-теректерди кыркып салышкан. Ошондуктан ал жерден бир чымчык учуп чыгып, конгон жери - азыркы Арашан ата мазары. Бирок мурдагы орду соок коюлган жер эмес экен. Чындыгында мазарлардын жанындагы тал-теректерди кыркканга, сындырганга болбойт. Ал жердеги уч теректи орустар кыркып салып, акыры жер которуп жок болушкан дешет. Экинчи бир зыяратчы: Арашан деген мурун пайгамбар болгон экен. Анан ал олуп, ошол жерге соогу коюлган экен. Анан откон-кеткендер ал жерге куран окуп журо берип, мазар болуп калган экен - десе, учунчу бир адам тек гана: «Илгери бир баласы жок жаш келин бул жерден бала суранып балалуу болуп калган экен. Ошондон бери мазар болуп келе жатыптыр. Коз тийген адамдар да мазарга барып сыйынса айыгып кетет. Аса таяк (боору жик-жик болуп оскон катуу жыгач жана ошол жыгачтан жасалган катуу таяк) кобунчо Арашан мазарынан чыгат, анткени ал тоолуу жер да» - деп эн жонокой маалымат берет.