Талас облустук музыкалык драма театры

Википедия дан

Талас облустук музыкалык драма театры К. Медетбеков атындагы – 2007-жылы Талас шаарында ачылган. Труппасы Б. Бейшеналиева атындагы КМИИнин (азыркы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети) жана Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театр окуу жайынын бүтүрүүчүлөрүнөн турган. Республикалык жана эл аралык театр фестивалдарынын жана конкурстарынын катышуучусу жана дипломанты. Алгачкы театрдык сезонунда театрдын репертуарында: «Арыба, ак кеме», «Үмүттүн турналары» (Ч. Айтматов, режиссёр Э. Бекболиев, Ш. Мендебаиров), «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай» (Б. Жакиев, режиссёр А. Абдыкалыков), «Назик жүрөк азабы» (В. Сологуб, режиссёр С. Сазаев), «Периштенин махабаты» (Т. Мухамадризо, режиссёр, И. Жунусов), «Телибай тентек» (Б. Калчаева, режиссёр И. Жунусов), «Коркок жоокер» (В. Якуб, режиссёр И. Жунусов), «Чокчолой баатыр» (К. Ажымүдүнов, режиссёр М. Касаболотова), «Аялдардын шаң кече» (Хакимзада Ниязи, режиссёр О. Хожагули), «Күйөө сатам» (Ж. Өзүбекова, режиссёр Ш. Мендебаиров), «Алтын апельсин» (М. Варфоломеев, режиссёр И. Жунусов), «Апендинин беш катыны» (И. Содиков, режиссёр И. Жунусов, К. Сатыбалдиева), «Алтын Куш» (элдик жомок, режиссёр И. Жунусов) ж. б. чыгармалар бар. Театрда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Алмагүл Алсейитова, Р. Сарымсакова, Р.Орозова, А. Бекболотов, Т. Олжобаев, А. Абакирова, Н. Эржанов, Ү. Нааматова ж. б. артисттер эмгектенишет. Артисттер жана кызматкерлер үчүн Көк- Ой айылында жатаканасы бар. Имаратты куруу иши 2008- жылдан башталып, 2017-жылы колдонууга берилди. 2011-жылы театрга СССРдин эл артисти К. Медетбековдун ысмы ыйгарылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]