Талгак

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Талгаккош бойлуулук менен байланыштуу жана ал бүткөндөн кийин токтоочу оорулуу абал. Кош бойлуу аялдын нерв, эндокрин жана жүрөк-кан тамыр системаларындагы кандайдыр бир өзгөрүүлөрдөн келип чыгат. Ошондуктан өз убактысында (2 айга чейин) аялдар консультациясына кайрылып дарылануунун мааниси абдан чоң. Кош бойлуулуктун 1-жарымындагы (эрте) жана кош бойлуулуктун 2-жарымындагы (кеч) талгак болуп бөлүнөт. Эрте талгак кош бойлуулуктун алгачкы 3 айына чейин болуп, ал кетет, уйку келип, кээде шилекей агып, ал суткасына 1 лге чейин жетет. Күнүнө бир нече жолу кусат. Тынбай кусуудан боюнда бар аял арыктап, териси шалбырап, оозунан жагымсыз жыт чыгат, температурасы жогорулайт, кан басымы төмөндөйт. Кээ бир учурда боюнан түшүрүүгө аргасыз болот (к. Аборт). Эрте Т-ты аялдар консультациясында дарылайт. Тынбай кусканда боюнда бар аял ооруканага жаткырылат. Кеч талгак кош бойлуунун жүрөк-кан тамыр, нерв системаларынын, боор, бөйрөк жана башкалар органдарынын иши бузулуудан болот. Ал көбүнчө ак шишик басып башталат. Шишик буттан башталып, андан кийин бүт денеге тарайт. Дененин салмагы 10 кгга жакын көбөйөт. Бул учурда системалуу түрдө дарылоо жүргүзүү зарыл. Боюнда бар аял дайыма айына 2 жолу аялдар консультациясына барып, врачтын сунуштарын аткарып, гигиена эрежелерин сактап, жумасына бир жолу салмагын текшертип туруу зарыл. Ак шишик болгондо суюктукту аз (күнүнө 3—4 стакан) ичүү, тузду аз пайдалануу керек. Тамакта витаминдер (жашылча-жемиш) көп болгону жакшы; эттин ордуна быштак, айран, кефир берүү сунуш кылынат. Режимди, врачтын сунушун бузганда ак шишик менен бирге кан басымы жогорулап, заарада белок болуп, нефропатия пайда болот. Түйүлдүктүн өсүп-өнүүсү бузулуп, кээде өлүү төрөлүүгө алып келет. Нефропатия менен жабыркагандар ооруканада дарыланат. Режимди бузганда жана дарылоо жүргүзүлбөсө шишик басып, кан басымы жогорулап, заара менен белок чыгат, көзү тунарып, башы, ичи ооруйт. Баш ооруп, көз тунаргандыгы мээдеги кан айлануунун бузулушуна байланыштуу. Ал күчөп кеткенде аялдын булчуңдары тырышып эстен танат. Катуу кармаганда аял өпкө күпчөгүнөн же мээге кан куюлуудан өлүп да калышы мүмкүн. Бул абал көп учурда төрөт убагында, кээде төрөттөн кийин да болушу ыктымал. Анын алгачкы белгилери бет, көз жапкаларынын булчуңдары тартылып келе жатканда, тез жардамды чакырып, боюнда бар аялды караңгы үйгө тынч жаткыруу зарыл. Ал тилин чайнап албас үчүн ооздун ичине түпкү тиштердин ортосуна аш кашыктын башын дакиге ороп киргизүү керек. Мындай оору эне жана бала үчүн зыяндуу: энеде өпкө күпчөгү жана мээге кан куюлуу мүмкүн, бала болсо зат алмашуунун продуктулары менен ууланып, кычкылтектин жетишсиздигинен өлөт. Биздин өлкөдө алдын алуу жана дарылоо чаралары жолго коюлуп, аялдардын төрөттөн ' өлүмүн азайтууга мүмкүн болду.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/ Башкы ред. Борбугулов М. Б.; Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8